Мал уурулукка шектелип асынып алган Эрмектин атасы: "Уулумдун өлүмүнө милиция күнөөлүү. Бир нече жолу сабап, жан жерин жана буттарын көк ала кылышкан"

Ысык-Көл облусундагы Бөрү-Баш айылынын 18 жаштагы Эрмек Касымов аттуу тургуну 22-октябрь күнү айыл четиндеги даракка асынып каза болгон. Атасы Нурлан Асанбеков уулу эмне себептен өз жанын кыюуга барганын SUPER.KG'ге 5-ноябрда айтып берди. Анын белгилешинче, уулу Эрмек мал уурулукка шектүү катары кармалып, милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылган. Денесин кароодо жан жериндеги жумурткасында, буттарында көк ала тактар бар болгонун айтты.

"Уулум алгач 15-октябрь күнү мал уурулукка шектүү катары Ак-Суу РИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалган. Жанында дагы эки досу болгон. Алардын бири мал базарда мал алып, кайра сатып иштесе, экинчиси өзү менен кошо элдин малын багып иштечү. Ал күнү бошотуп берип, бирок үч күндөн кийин, тактап айтканда, 19-октябрда Адилет, Айбек жана Кубан деген үч тергөөчү уулумдун өзүн көчөдөн кармап кетип суракка алышкан. Түнкү саат бирлерде бошотуп, эртеси кайра суракка алышты. Ал күнү мен кошо баргам. Адилет деген тергөөчү уулума кайрылып "унааңды алып кел, эгерде картошка айдасаңар үч кап картошка сала келгиле" деп айтыптыр. Анын айтканына макул болуп келинчегим экөөбүз унаага 3 кап картошканы салып алып бардык. Анан түшкү саат 12:00 чамаларында уулумду чыгарып беришти. Бирок чыгып келе жатканда үч тергөөчү түштөнүүгө деп 400 сом, дагы бир тергөөчү унаанын майына деп 200 сом алды. Жолдо келе жатканыбызда уулум: "Бүгүн аябай кыйнашты. Башыма пакет кийгизип, колума кишен салып ичине суу куюлган желим бөтөлкө менен сабашты" деп айтып калды. Тактап сурасам, ага чейин деле сабап жүрүшүптүр да. Бирок ал бизден жашырып, досторуна айтып жүрүптүр. Бетинде так болуп же өзү айтпаса билбейт экенсиң.

Ошол күндү мал жоголуп издеп жүргөн. 22-октябрь күнү мал издеп жүргөн жеринен баягы үч тергөөчү кармап алып дагы суракка алыптыр. Менимче, акча талап кылышкан окшойт. Себеби өзүнүн чогултуп жүргөн 50 миң сомдой акчасы бар эле, кийин апасы карап таппай койду. Тергөөчүлөрдөн кетип баратып дос балдарына, чогуу иштеген малчыларга жолугуптур. Алардын айтымында, баланын маанайы жок болуп сүйлөшкөн да эмес. Учурашып коюп кетип калыптыр. Алардан кийин эле айыл четиндеги жалгыз талга барып асынып алыптыр. Жансыз денесин алып келип, алдын ала кароо жүргүзүлүп, ага мен дагы катыштым. Баланын башында шишик, буттарында жана жан жеринде көк ала тактар бар экенин көрдүм. Жан жериндеги жумурткасынын бири шишип, көгөрүп кеткен экен", - деди Асанбеков.

Асанбековдун айтымында, Эрмек үч жылдан бери айылдагы элдин малын карап иштеп жүргөн. Ал үй-бүлөдө 5 бир туугандын ортончусу болгон.

"Үч кыз, эки уулум бар эле. Эми минтип биринен айрылып калдым. Айылдагы элдин малын карап 45 миң сомдун тегерегинде акча тапчу. 150 уйдан алынган акысы өзүнө гана эмес, бизге да жетчү. Ошончо акча таап жатса үч койду уурдап сатып эмне кылмак эле. Анын үстүнө малы уурдалды делген адамдын короосунун дубалы да бийик. Андан жалгыз үч койду ашырып кете албайт да. Уулум суракка алынып жаткан учурда алдап да сурап көрдүм. "Ата, мен уурдаган эмесмин, андай нерсе оюмда да жрк" деп айткан. Сүйлөшкөн кызына телефон белек кылганы чын. Аны да уурдалган телефон деп милиция кызматкерлери алып кетип калыптыр. Азыр ал дагы суракка алынып жатат", - деди каза болгон баланын атасы.

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов Нурлан Асанбековдун уулу 19-октябрда мал уурулукка шектүү катары кармалып, күнөөсү далилденгенин жана 22-октябрда анын асынып алганы боюнча маалымат түшкөнүн тастыктаган.
"2018-жылдын 22-октябрында Ак-Суу районундагы Бөрү-Баш айылындагы талаадан жаш жигит бакка жип менен муунуп калгандыгы тууралуу маалымат жергиликтүү милиция бөлүмүнө келип түшкөн. Аталган факт боюнча райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, анын Бөрү-Баш айылынын 2000-жылы туулган Э.Касымов аттуу тургуну экендигин аныкташкан", - деди Сеитов.

Анын белгилешинче, мал уурулук боюнча териштирүү учурунда 2018-жылдын 19-октябрында Бөрү-Баш айылынын тургуну Ж.К. райондук милицияга арыз менен кайрылган. Арыз ээси 13-октябрда “Кырман кашар” сарайынан белгисиз адамдар тарабынан үч баш кой уурдалганын билдирген. Аталган факты боюнча кылмыш иши ачылып, анын негизинде 18 жаштагы Касымов шектүү катары кармалган.

"Касымовдун каза болгонго чейинки берген түшүндүрмөсүндө, 14-октябрга караган түнү ушул айылдын тургунунун үч баш токтусун уурдап атасынын унаасына салып, Каракол шаарынын мал базарына алып барып 12 миң сомго сатып, ал акчага А.Т. аттуу сүйлөшүп жүргөн кызына туулган күнүндө белек катары телефон алып бергенин көрсөткөн. Анын мал уурдагандыгы, базарга саткандыгы тууралуу берген түшүнүгү аудиожазуу түрүндө бар", - деди басма сөз катчы.

Учурда аталган кылмышты иликтеген кызматкерлердин кандай аракет көргөнү иликтенип жатканын айтты.


кошулду
Ысык-Көлдүн 18 жаштагы тургуну милициянын кыйноосунан кийин асынып алдыбы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
HypcylTAH
2018-11-05 15:54:01
Сабагандардын Жан жерин кесип!оздоруно жедириш керек!
+3
Alia82
2018-11-05 16:09:46
Алла таалам өзү сактасын жалган жалаадан, баланын жаткан жери жайлуу болсун, Кудайым билип - билбей жасаган күнөөлөрүн кечирсин.
Милиция, врачтарга ишиң түшпөсүн да...
+7
Diyana
2018-11-05 16:09:59
Онолбойт биздин милиция кызматкерлери, ошо урган колун шал болуп, озунор да азап чегип олсонор экен айбандар. Ак уйдо жалпайып пайдасы жок эле 120сы эмнегк отурат тушунбойсун. Элди ойлогон чиновник жок, мамлекетти карызга батыргандан башканы билишпейт . Тооба кылдым баргымда келбей кетет ушундай жанылыктарды окугандан кийин Кыргызстанга
+9
nur0202
2018-11-05 16:35:45
Оо Кудай милицияда иштеген бааардык ыйман ынсабы жок милиция кызматкерлерин чогултуп бааарын тезирек корго алып кетчи.Сураныч ушу тилегимди кабыл алчы.
+3
Gema
2018-11-05 17:25:59
Эмнеге адамдар уурдашат,бироонун акысын мандай тери менен тапкан!!!
0
Asyl10
2018-11-06 00:55:46
Милиция кызматкерлери картошка,акча талап кылышкан, шектууну ур-токмокко алышкан, оз омурун кыйган абалга жеткиришкен. Акмактар. Жаш жигиттин чыркыраган жаны ким куноолуу болсо ошолорду тынч уктатпасын ылайым. Жаткан жери жайлуу болсун байкуш жаш жигиттин. Жаштык кылыптыр, укугун аягына чейин коргоп, ата-энесине баарын айтып маселени чечсе болмок экен. Азыр жигиттер ата-энесине коп нерсени айтышпайт, килейип калса да атасына-апасына арызданыптыр, уят деген создон коркушат.
+1
Asyl10
2018-11-06 01:00:09
Бирок мындай адилетсиздикте маселени чечуунун турдуу жолдорун табыш керек, эмнеге адвокаты анын ур -токмокко алганын билген жок. Тергоо учурунда ата-энеси же жакын тууганы сурак алчу кабинеттин сыртында туруш керек,ошондо аны уруп жатышабы, эмне кылып жатышканын билишет. Абдан окунучтуу, миллиондорду уурдап жегендерди эч нерсе кыла албайбыз, уч кой уурдады деп жаш баланын омуру кыйылып кетти. Милиция,тергоодон тартып,соттордун ар биринин кабинетине видеокамераларды орнотуу керек
+1
Matahara1980
2018-11-06 03:01:23
Бул ментер ачкадан олгону калышканбы эмне картошкадан бери алышып, бет деген калбай калыптырда
0
didu
2018-11-06 07:14:52
ургандар ошол атадай сыздап калгыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан