Баткен. Чек ара кызматкерлерине үй курулууда

Баткен облусунун Исфана шаарында 2021-чек ара бөлүгүнүн кызматкерлерине 16 батирлүү үй курулуп жатат. Бул тууралуу Исфана шаарынын мэри Ташполот Козубаев төмөнкүлөрдү билдирди:

"Учурда үйдүн пайдубалы тургузулуп, дубалы курулууда. Үйдүн курулушуна мамлекеттик бюджеттен 16 миллион сом каралып, анын 5 миллиону бөлүнүп берилди. Чек ара кызматкерлери үчүн курулуп жаткан үй ушул жылдын октябрь айына чейин бүтүп, колдонууга берилет”. Бул демилгеге чек арачылар да кубанып жаткан учур.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан