Өзгөндө баңгизат менен кармалган имам үй камагына чыгарылды

Өзгөндө баңгизат менен кармалган имам үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

"Матисак-Ата" мечитинде жамаат тарабынан оозеки шайланып, имам катары иштеп келген С.К.нын иши сотко жөнөтүлүү алдында турат. Ал учурда үй камагына чыгарылган. Эми алдыда анын ишин Өзгөн райондук соту карап, чечим чыгармакчы", - деди басма сөз кызматкери.

Эске салсак, 27-октябрда Өзгөн районуна караштуу Жылалды айылында 36 жаштагы жаран баңгизат менен кармалганын жана ал айылдын имамы экендиги тууралуу облустук милиция маалымат тараткан.

Кийинчерээк Ош ОИИБи Өзгөн районунда баңгизат менен кармалган адам 2009-жылдан бери "Матисак-Ата" мечитинде имамдын орун басары болсо, ушул жылдын июль айынан бери жамаат тарабынан оозеки шайланган имам болуп иштеп келгенин аныктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Janibek_Mamytov
2018-11-07 14:05:46
Алалсынган молдонун уйунон алты камандын башы чыгыптыр деген ушу да.
+3
Aikaaaa
2018-11-07 15:59:48
Janibek_Mamytov, ооба да, эл кыдырып акыл айтып жүрдү да
+2
oscar
2018-11-07 17:28:55
Aikaaaa,биротоло бизнесин кылып де
0
J1irg
2018-11-07 16:14:59
Баласын молдо кылып айынтыптыр. Дин кучогон сайын заман бузулду. Молдон наркоман болсо, Кудайдан шектенет экенсин. Молдо болбой бир жерде мугалим болуп иштесе жаман болмок эмес.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан