Өзгөн районунда баңгизат менен кармалган адам 2009-жылдан бери Матисак-Ата мечитте имамдын орун басары болсо, ушул жылдын июль айынан бери жамаат тарабынан оозеки шайланган имам болуп иштеп келген. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Шектүү учурда убактылуу кармоочу жайда.
"Ош облустук казыятынын оозеки маалыматы боюнча, шектүү С.К. айылдагы орто мектепти аяктаган жана диний билими жок. 2009-жылдан бери Жылалды айыл аймагынын имамынын расмий эмес орун басары болгон. Ал эми июль айынан баштап жергиликтүү аксакалдардын оозеки кайрылууларынын негизинде имамдык кылып жүргөнү аныкталды. Тактап айтканда, имам катары оозеки түрдө шайланган", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Эске салсак, 27-октябрда Өзгөн районуна караштуу Жылалды айылында 36 жаштагы жаран баңгизат менен кармалганын жана ал айылдын имамы экендиги тууралуу облусттук милиция маалымат тараткан.