ЖЫЛНААМА, 8-НОЯБРЬ: "Нарутонун" автору, япониялык комикс жаратуучу Масаси Кисимото 44 жашка чыкты
Бүгүн, 8-ноябрда "Наруто" комиксинин жана мультфильминин автору япониялык мангака (япон сөзү, "комикстерди тартуучу адам" дегенди түшүндүрөт) Масаси Кисимото 44 жашка чыкты. Ал 1974-жылы 8-ноябрда Япониянын Окаяма шаарында төрөлгөн. Көпчүлүккө комикстери менен белгилүү.
Масаси кичинекей кезинен тарта сүрөт тартууну өздөштүрүп, мектепте окуп жүргөндө манга (япон комикси) жанрында бир нече аңгеме жаратып, кийин окуусун көркөм сүрөт колледжинде уланткан.
Алгачкы ийгиликтүү эмгеги "Каракури" деп аталган. 1995-жылдан тарта "Shueisha" басылмасында эмгектенип баштап, 1997-жылы "Наруто" аттуу чакан мангасын "Akamaru Jump" журналына жарыялайт.
Комикс сүйүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынса да, автор өзү канааттанган эмес. Ошентип 1999-жылы "Нарутонун" I бөлүмү "Shonen Jump" журналынан орун алып, улам жаңы бөлүмдөрү 700 бөлүмдөн турган 72 томдугу 2015-жылга чейин чыккан.
"Наруто" Кисимотонун башка чыгармаларына караганда өспүрүмдөргө арналгандыгы менен айырмаланат. Анда окуя Наруто Удзумаки аттуу баланын айланасында уланат. Тентек, тынчы жок өспүрүм келечекте ниндзя болуу менен атасына окшоп айылынын кадыр-барктуу башчысы болгусу келет.
Комикс сүйүүчүлөр "Нарутонун" бардык окуяларын кызыгуу менен окуп, улам кийинкисин күтүп калышкан. Аталган манга бир нече япон жана америкалык сыйлыктарга ээ болуп, суроо-талаптын көптүгүнөн 2010-жылы дүйнө жүзүнө 100 миллион копиясы тараган. Андан тышкары "Наруто" Комикстердин эл аралык Киото музейинин фондунда сакталуу.
Аталган комикстин негизинде "Наруто" мультфильми тартылып, 2002-жылдан тарта Японияда гана эмес, чет өлкөлөргө да абадай тарап, акыркы 220-сериясы 2015-жылы чыккан.
Масаси Кисимотонун 2013-жылы "Марио" аталышындагы кыскача чыгармасы жарык көргөн. Анда жалданма киши өлтүргүчтүн окуялары баяндалат.
Жеке жашоосу
Масасинин Сэйси Кисимото аттуу эгизи бар. Ал дагы мангака катары "666 Satan" жана "Blazer Drive" деген мангаларды жараткан.
Кисимото 2003-жылы үйлөнгөн, учурда үч баланын атасы.
8-ноябрга карата жылнаама.