11-июлга карата Кыргызстандагы аба ырайы тууралуу маалымат

11-июлда өлкөнүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, калган облустардын айрым жерлеринде жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:

Чүй облусунда күндүз +28...+33°C, түнкүсүн +14...+19°C

Талас облусунда күндүз +27...+32°C, түнкүсүн +12...+17°C

Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +28...+33°C, түнкүсүн +14...+19°C

Баткен облусунда күндүз +27...+32°C, түнкүсүн +14...+19°C

Ысык-Көл облусунда күндүз +17...+22°C, түнкүсүн +8...+13°C

Нарын облусунда күндүз +18...+23°C, түнкүсүн +6...+11°C

Бишкек шаарында күндүз +30...+32°C, түнкүсүн +17...+19°C

Борбор калаада күндүз кыска мөөнөткө жамгыр жаашы күтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан