11-июлда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги Учкун кичи районунда жана 4-11-кичи райондордо электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Бул күнү ушул эле мезгилдерде Чүй облусунун Москва районундагы Түлөк айылында, Жайыл районундагы Кара-Түп, Калдык айылдарында, Кара-Балта шаарынын Морозов, Матросов, Береговая, Тимирязев көчөлөрүндө да электр жарыгы өчүрүлөт. Электр энергиясынын убактылуу чектелүүсү электр тармактарындагы алдын алуу жана жогорку вольттогу “Түлөк” трансформатордук көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу болмокчу.