Белгилүү түрк актёру Мехмет Гүнсүрдүн 80 жашка чыгып калган атасы Теоман Гүнсүр каза болду. Актёр “Даңазалуу кылым” сериалына тартылгандан кийин тасма аянтчасынан алыстап кеткени белгилүү жана акыркы жылдары Италияда жашап келет. Атасы каза болгонун уккан Мехмет Гүнсүр аны акыркы сапарга узатуу үчүн үй-бүлөсү менен Түркияга келип, анын мындай оор күнүндө бир кездеги кесиптештери жанында болушту.
2011-жылы чыккан “Даңазалуу кылым” түрк сериалын дүйнөнүн 50дөн ашуун өлкөсүндөгү 300 миллионго жакын адам көргөн. Аталган долбоор 5 сезонго созулуп, акыркы сериясы 2014-жылы көрсөтүлгөн.