Бишкек шаарындагы Фрунзе жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРга" билдирди.
"Аталган даректе катталган жол кырсыгынан жабыркагандар болгон жок. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынан келише элек. Окуя бүгүн, 9-ноябрда саат 11:10 чамасында орун алды. Анда Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа кагылышуудан улам жолдун четине чыгып кеткен", - деп билдирди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.