Талас облусунда 1-январдан 10-июлга чейин 1168 дыйкан-фермерге 208 миллион 312 миң сом өлчөмүндө үстөгү 10 пайызды түзгөн жеңилдетилген насыялар берилди. Маалыматка ылайык, берилген насыялардын 24 миллион 770 миң сому дыйканчылыкты, 183 миллион 542 миң сому мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталды. Жеңилдетилген насыялар 3 банктын Таластагы бөлүмдөрү аркылуу ишке ашып жатат. Бүгүнкү күндө таластык дыйкандар өкмөт тарабынан бөлүнгөн насыянын 74,2 пайызын алышканын билдирет өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү.