Бүгүн, 9-ноябрда Ош-Бишкек жолунда эки унаа сүзүшүп, бир адам каза болуп, 8 адам жаракат алган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашкандай, кырсык саат 11:00 чамасында Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагынын тушунда катталган. Каза болгон адам өлүк сактоочу жайга, жаракат алгандар "Тез жардам" унаасы менен Базар-Коргон райондук ооруканасына жеткирилген.
Кырсыктан жабыркаган жарандар:
- Өзгөн районунун 69 жаштагы Ракия К. аттуу тургуну башынан жаракат алган;
- Кочкор-Ата шаарынын 21 жаштагы Бегайым А. кызы башынан жаракат алган;
- Кочкор-Ата шаарынын 29 жаштагы Руслан Ж. аттуу тургуну башынан жаракат алган жана оң буту сынган;
- Ноокен районунун 18 жаштагы Кутман Х. аттуу тургуну башынан жаракат алган;
- Сузак районунун 41 жаштагы Алмаз К. аттуу тургунунун баш сөөгү жана көкүрөгү жабыркаган;
- Аксы районунун 35 жаштагы Гүлназ аттуу тургуну баш сөөгүнөн жаракат алган;
- Базар-Коргон районунун 30 жаштагы Азиза аттуу тургуну баш сөөгүнөн жаракат алган;
- Биймырза аттуу бир жаштагы бала башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Учурда каза болгон жарандын аты-жөнү тактала элек. Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы окуя болгон жерге келип, кырсыктын келип чыгуу себептерин аныктап жатышат.