ЭЛДИК КАБАР: "Кара-Суунун "Туратали" базарындагы ыңгайсыздык качан жоюлат?" дейт окурман

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы "Туратали" базарынын айланасындагы баш аламандык айдоочуларга да жөө жүргүнчүлөргө да ыңгайсыздык жаратууда. Мындай абал базардын алдына жер алдындагы өтмөк куруудан улам жаралган. Бул маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРга" билдирди.

"Курулуш иштери ушул жылдын жаз айларында башталган. Ишти баштаарда элдин ыңгайын эске алышкан эмес. Курулушту же эрте бүтүрүшпөйт же ошого жараша элдин жолун торобой тургандай ыңгайлуу шарт түзүшпөйт. Базардын алдын тосуп салгандыгынан улам ал жерде жайгашкан чайкана, кафелер иштебей калды. Унаалардын тыгыны мындан көп. Курулушту жүргүзүү үчүн 36 миллион сом бөлүнгөнүн угуп жатабыз. Каражат жетиштүү жумшалган соң эрте бүтүрүп, жолду ачышса дейбиз. Акыркы учурда иштеп жаткан курулушчуларды деле көрбөй калдык", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Muslim_KGstana.
2018-11-10 17:26:02
туура
+4
evidens
2018-11-10 17:28:56
Жеп буткондурда 36млн ду...
+5
Kulpunai.kurstanbekkyzy
2018-11-10 18:07:30
Усталарга акча бербей койсо, иштебейт. Ал акчаны давно эле жеп коюшса керек! Биздикилер
+6
aiur
2018-11-10 18:48:44
Туура,аябай башаламан,байкуш элге кыйын болду.
+5
monster_high_98
2018-11-10 19:09:06
Автор!?Ошскийди коруп Туратали базарына кайра шугур дейт болушунуз керек."Борбордо" мындан жаман акыбал,башка облустта жон эле да..
-6
saint-Petersburg
2018-11-10 22:34:13
беспредел Кыргызстан
+2
aerforce
2018-11-10 22:45:56
Атын кыргызчага которгондо Туратбек деп
-4
AzKumFerDan
2018-11-11 09:20:15
aerforce,кыпкыргызча ат .ТУРАТААЛИ
0
Mart19
2018-11-11 01:23:19
Туратаалы болот кыргызчасы
+2
nemo2016
2018-11-11 11:37:39
Окунучтуу 1жыл болуп калды бир подземка куралбай койдуго аким.башка олкодо 1жумада бутуруп салат
0
terabait
2018-11-11 12:51:34
Ондобо да жок дегенде жолду ачып койсо кыйналбай отуп турат эле элдер
0
Azatbek.Svoboda.
2018-11-11 22:12:01
Айылдарды онуктуруу жылы болуп жататго кутуп тургула эми!Болбосом бир айдан кийин онуктуруу жылы бутту быйыл башка жыл болду деп таштап койушпасын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан