Асылбек Жээнбеков: "Биз Кыргызстандын келечегинин кандай болорун билебиз жана алдыга так максаттар менен бара жатабыз"

"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда туруктуулук орун алгандыгын канааттануу менен белгилей кетким келет. Биз өзүбүздүн өнүгүүбүздө оор жолду басып өттүк жана алдыга зор шыктануу менен кадам таштай алабыз деген ишеним бар",- деп билдирди төрага Асылбек Жээнбеков 10-июлда Бишкекте өткөн өнүгүү маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги конференция учурунда. Ал аталган конференциянын өлкөнүн келечегин аныктоодо орду зор экенин белгиледи. "Биз өлкөбүз келечекте кандай мамлекет болорун так билебиз жана алдыга так, даана максаттарды коюу менен аларды турмушка ашыруу багытында бара жатабыз",- деп сөзүн улады төрага. Жээнбеков Кыргызстандын өнүгүүсүнүн максаттары туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясында толук камтылганын айтып, өлкөнүн келечеги кандай болушу керек экендиги президент Алмазбек Атамбаев тарабынан сунушталып, бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү жана жарандык коом тарабынан колдоого алынганын кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан