Эне жана баланы коргоо борборунун Ош шаарындагы клиникалык ооруканасында, 9-ноябрь күнү 3 эм төрөлдү. Бул тууралуу "ЭЛДИК КАБАРга" окурман билдирди.
"Шарк айылынын тургуну Зухра Мамажанова 9-ноябрь күнү 3 эмди жарыкка алып келди. Алардын экөө уул, бирөө кыз. Айыл өкмөт жетекчилиги энеден жана ымыркайлардан кабар алып келди. Үй-бүлөнүн буга чейин 3 баласы болгон", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.