ЖЫЛНААМА, 13-НОЯБРЬ: Юристтик иши депрессияга алып келип, кесибин алмаштырган шотландиялык актёр Жерард Батлер 49 жашка толду
"300 спарталык", "P.S. Мен сени сүйөм", "Мыйзамга баш ийген жаран", "Олимптин кулашы" жана башка тасмалардагы ролу аркылуу атактуулукка жеткен шотландиялык актёр Жерард Батлер 49 жашка толду.
Ал Шотландиянын Глазго шаарында 1969-жылы туулган. Жерард Батлер 2 жашында ата-энеси ажырашып кетип, аны апасы тарбиялаган. Бала кезинде үйүнө жакын жайгашкан кинотеатрга улам-улам бара берүүнү адат кылып алган. Анткени кинотеатрга баруу - өспүрүмгө чоң ырахат тартуулаган.
Муну байкаган апасы аны жаштар театрына берип, алгачкы ролун Жерард театрда 12 жашында баштаган. Бирок апасы уулу актёрлук кесипти эмес, башка кесиптин ээси болушун каалай тургандыгын айткан. Апасынын бул мүдөөсүн жерге таштай албаган Жерард мектепти аяктап юридикалык билим алат.
Бирок тасма талаасына болгон сүйүү аны өз азгырыгынан коё берген эмес. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин Лос-Анжелеске барып, 1 жарым жыл бою кастингдерге катышып, акыры аракетинен майнап чыгып "Жан сакчылар" тасмасында эпизоддук ролду жаратат. Карьерасын баштайм деп жатканда Жерард Батлер атасы рак илдети менен ооруп жатканын угуп Канадага сапар алат. Атасы каза болгондон кийин Шотландияга кайтып келип, юридикалык компаниялардын бирине жумушка орношот. 2 жылдын ичинде ал көптөгөн ийгиликтерди жарата алганы менен коёндой окшош күндөрдү өткөрүү аны депрессияга алып келет. Бул абалдан кийин көпкө чейин азап чегип, спирт ичимдиктерине берилип кеткен күндөрү да болуп, компаниядагы ишинен айдалат.
Ишсиз калгандан кийин спектакль көрүүгө барып, андан эргүү алат. Ошондо актёр болом деген чоң максатты коюп Лондонго келет. Бирок эч ким аны кучак жайып тосуп албай, официант, оюнчук чыгаруучу заводдо катардагы жумушчу, кийинчерээк ар кандай кара жумуштарда иштейт. Кесибин улам алмаштырып акыры Лондондогу "Мэрмейд" театрына орношуп, таланты ошондо байкала баштайт.
Кийин гана, 1997-жылдан тартып анын кино тармагында ийгиликтүү эмгек жолу башталат. 2000-жылы "Багыттар", "Хариссондун гүлдөрү" тасмаларында экинчи пландагы ролдорду аткарса, "Дракула 2000" тасмасында башкы ролду жараткан. Андан кийин "Аттила баскынчы", "Оттун бийлиги" өңдүү сериалдарда Жерард Батлердин ысымы атала баштайт.
Ал эми чыныгы атактуулукту "300 спарталык" тасмасындагы Леониддин ролу алып келет.
2013-жылы актёр медициналык кароодон өтүп, моюнунун 2 омурткасы сынганы маалым болгон.
Жеке жашоосунда Жерард Батлер 4 жылдан бери дизайнер Морган Браун менен мамиле куруп келет. Түгөйлөр бирде таарынышып, бирде табышканы менен бири-биринен кол үзө элек.
Ал эми ушул жылдын 8-ноябрында Калифорниядагы токойдон чыккан өрт Малибу, Калабасас, Агаура шаарларын каптаган. Өрттөн Жерард Батлердин хан сарайы, короосундагы унаасы толугу менен күйүп кеткен.
13-ноябрга карата жылнаама.