Интернетти жакшыртуу үчүн алынып жаткан 50 миллион долларлык келишим тармактык комитетте жактырылды

Өлкөдөгү интернетти жакшыртуу боюнча 50 миллион доллар каражат алынууда. Аталган макулдашуу бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында биринчи окууда каралды.

Маалыматка караганда, аталган каражаттын 50 пайызы грант, 50 пайызы насыя түрүндө.

Аталган макулдашуу Кыргыз өлкөсү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда түзүлгөн. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев бул долбоор 2023-жылдын 31-майында бүтөрүн айтты.

Депутат Каныбек Иманалиев долбоор эч кандай көйгөйдү чечпей турганын айтып, 50 миллион доллар кайсы иштерге жумшалары так эмес экенин белгиледи. Шаршембиев бул макулдашуу Кыргыз мамлекети үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Жыйынтыгында аталган макулдашуу биринчи окууда колдоо тапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Baatirbek81
2018-11-13 13:12:39
Бул эмне болгон 50милион долар.жеп жутарлар бөлүшүп алатурчу милондорбу.
+1
GULZAT.83
2018-11-13 13:38:11
азыркы ушул убакта иштеп аткан интернет жетет эле баарыбызга не кереги бар. башка койгой толуп атса интернетти ойлоштта... Карыз деселе журок бир болк эте турган болдуго...Жеп жутарлардын картычкалары каржыланат. Соз жок не дешти деле билбей калдыкко чондорубузга...
+1
nura.177
2018-11-13 18:35:15
Эми болуп алышатда шылтоо кылып ала бергиле,силер тойбодунар
+4
talaa11
2018-11-14 00:00:39
Тышкы карызды ойлонуп эле кыжаалат болом кантип толойт экенбиз Кыргызстандын келечеги мени дайыма ойго салат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан