ЖЫЛНААМА, 14-НОЯБРЬ: "Универ" телесериалы аркылуу Орусиянын секс-символу атыккан Мария Кожевникова 34 жашка толду

Орусиялык театр жана кино актрисасы, мамлекеттик ишмер, саясатчы Мария Кожевникова 34 жашка толду.

Кичинекей Мария.

Ал 1984-жылы 14-ноябрда Орусиянын Москва шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы белгилүү хоккейчи болгондуктан, ата-энеси ишенимдүү түрдө спортту улантып кетет деген тилек менен кичинекей Марияны көркөм гимнастика менен машыгууга беришкен. Ал бул чөйрөдөн өз ордун таап, ийгилик жаратып, ал тургай спорттун чебери болгон. Бирок ал спорт чөйрөсүндө жүрүүнү, аны башкалар "Кожевниковдун кызы" деп таанышын каалаган эмес. Атасынын атын жамынбай карьерасын өз алдынча курууну каалаган. Ошондой эле кичине кезинен тартып актриса же ырчы болууну кыялданчу. Ошентип Мария 16 жашка чыкканда гимнастика менен кош айтышып, Орусиядагы театралдык искусство университетине тапшырган.

2002-жылы ал "Любовные истории" тобуна солист катары кабыл алынган.

2005-жылы актрисалык карьерасы башталган. Алгач "Ургаачы карышкыр", "Мамлекет кызматчысы", "Үчөө жана кар бүртүгү" кинотасмаларында эпизоддук роль жараткан. Көрүүчүлөр анын актрисалык талантын "Кудайдын белеги", "Гаишниктер", "Сердцеедки" телесериалдарынан байкашкан. Бирок актриса популярдуу боло алган эмес.

Мария Кожевникова 2008-жылы москвалык студенттердин жашоосун чагылдырган "Универ" сериалынын башкы каарманы болуп тартылууга сунуш алган. Анда ал Аллочка Гришко аттуу блондинка кыздын ролун аткарган. Актриса дал ушул сериал аркылуу популярдуулукту багындыра алган. Бул Орусиянын ТНТ каналынын тарыхындагы эң популярдуу, ийгиликтүү долбоор болгон десек жаңылышпайбыз. Ошондой эле бир нече күлкүлүү образды жараткан Мария аталган долбоордун секс-символу болууга жетишкен.

“Универ” сериалында жеңил ойлуу кыздын ролун ийине жеткире аткарып, популярдуулукка жеткен

Бул сериалдагы образы тууралуу ал: "Башында Аллочканын ролун ойноо жеңил болот деп ойлогом. Бирок мен жаңылыптырмын. Бул эң оор эмгек. Мен ресторандарга барып ошондой кыздарды карап, алардын сүйлөгөнүн, кыймыл-аракетин, көз карашын байкап өзүмө белгилеп алгам. Кайсы бир учурда мага күйөрмандарым "Сиз мени ойнодуңуз" деп жазса, менин чыгармачылыгымдагы эң жогорку баа деп эсептейм" деп айткан.

“Казнить нельзя помиловать” тарыхый тасмасында чалгынчы аялдын образын жогорку деңгээлде аткарган

Мария Кожевникова мындан сырткары көптөгөн кинолордо роль жараткан. Ал 2015-жылы "Батальон" аттуу аскердик-драмалык киного тартылып, аскердин ролун ийине жеткире аткаргандыгы үчүн "Алтын бүркүт" сыйлыгына татыган. Батальон тасмасына тартылуу үчүн узун чачын кырдырып салган

Ал өзүн бир гана кинодо эмес, циркте да сынап көргөн. 2015-жылы "Без страховки" аталышындагы цирк шоу программага катышкан.

Актриса 2011-жылы "Жаш Гвардия" аталышындагы коомдук уюмга кошулуп, арадан көп убакыт өтпөй анын мүчөсү катары кабыл алынып, анын "ишенимдүү жүзү" болуп, бүткүл орус элине таанылууга жетишкен. Ошол эле жылдын жай мезгилинде мамлекеттик Думага депутаттыкка талапкерлигин койгон.

Ошол эле жылдын октябрь айында балдар үйүн өз камкордугуна алган. 2011-жылдын декабрь айында "Единая Россия" партиясынан Мамлекеттик Думанын 6-чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Парламенттин Маданият боюнча комитетинин мүчөсү. 2014-жылы "Огонёк" журналынын, "Эхо Москвы" радиостанциясынын жана "Интерфакс" агенттигинин версиясы боюнча "Орусиянын 100 эң таасирдүү айымдары" рейтингинде 88-орунду алган.

Актриса 2013-жылдын август айында Евгений Васильев аттуу бизнесменге турмушка чыккан.

2014-жылдын январь айында Иван аттуу уулдуу болушкан. Ал эми жыл айланбай Максим аттуу уулду жарык дүйнөгө алып келген. 2017-жылдын 20-июлунда 3-уулун төрөгөн.

14-ноябрга карата жылнаама.

Орусиянын секс-символу атыккан актриса Мария Кожевникова 34 жашка чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан