Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык коррупционерлер жылына 700 миллион доллар уурдашат

Эксперттердин пикири боюнча, Кыргызстан коррупциянын кесепетинен жылына 700 миллион долларлык зыян тартат. Бул сумма мамбюджеттин киреше бөлүгүнүн 40 пайызын түзөт. Маалыматты 11-июлда Бишкекте уланып жаткан өнүгүү маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги конференция учурунда экономика министри Темир Сариев айтты. 2012-жылы коррупцияга байланыштуу укук коргоо органдары 1180 кылмыш ишин козгогонун да кошумчалады министр. "Учурда өкмөт коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жасалчу иш-чаралардын планы менен программасын иштеп чыгып бекитти. Анда мамлекеттик органдардын отчёттуулугун камсыздоо, мамлекеттик мекемелер менен жарандык коомдун ортосундагы байланыштын жаңы формасын түзүү жана башкалар камтылган",- дейт Сариев.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан