2020-жылы Кыргыз өлкөсүндө парламенттик шайлоо өтөт. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин 4 мурдагы төрагасы президентке шайлоо системиндеги мүчүлүштүктөрдү жоюуга багытталган кайрылуу жасаганы белгилүү болду. Ага кол койгон экс-спикер, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков азыркы шайлоо мыйзамында кандай көйгөйлөр бар экенин, аны кантип жакшыртуу мүмкүн экенин SUPER.KG порталына берген маегинде айтып берди.
- Шайлоо системин жакшыртыш керек деп президентке кимдер кайрылды?
- Шайлоо маселеси абдан олуттуу. Кеп парламенттин курамынын мыйзамдуулугу жөнүндө болууда. Президентке жөнөтүлгөн кайрылууга төмөнкүлөр кол коюшту. Алар:
Жогорку Кеңештин 1-чакырылышынын мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Мукар Чолпонбаев,
Жогорку Кеңештин 2-чакырылышынын мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Ишенбай Кадырбеков,
Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын төрагасы Адахан Мадумаров,
Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын төрагасы Ахматбек Келдибеков,
"Ар-Намыс" саясий партиясынын төрагасы Феликс Кулов,
"Аалам" саясий партиясынын төрагасы Арсланбек Малиев,
"Аалам" саясий партиясынын төрагасынын орун басары Жылдызкан Жолдошева.
Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш пропорционалдык систем боюнча 5 жылдык мөөнөткө шайланган 120 депутаттан турат. Бул деген "шайлоочулар саясий партияны эмес, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлайт" дегенди билдирет. Шайлоочуга берилген бюллетенде талапкерлер жөнүндө маалымат жазылышы керек. Мисалы, президентти шайлоодо бюллетенде талапкердин аты-жөнү, туулган жылы жазылат. Шайлоочу кимди шайласа, ошого добуш берет.
Конституцияга каршы келген "Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо" мыйзамы боюнча, бюллетенде саясий партиялардын гана аттары жазылат. Демек, азыркы мыйзам боюнча шайлоочу депутаттыкка талапкерге эмес, саясий партияга добуш берүүгө укук берет. Ошентип депутаттар эмес, саясий партиялар шайланат. Мындан улам парламенттин жыйындар залында шайлоочу тандабаган адамдар эмес, виртуалдык субъект – саясий партиялар отуруш керек. Натыйжада, парламентте эч ким тарабынан шайланбаган адамдар отуруп, чечимдерди кабыл алууда. Шайланбаган адамдардын чечимдерин мыйзамдуу деп табуу мүмкүн эмес. Мындан улам шайланбаган адамдардын чечимдери мыйзамдуубу же мыйзамдуу эмеспи деген суроо туулат.
- Президент бул кайрылууга кандай реакция кылды?
- Эч кандай жооп болбоду. Бул коркунучтуу белги. Кыргыз Республикасы укуктук мамлекет деп жарыяланып келет, бирок укуктар сакталбай жатат. Маселе өлкөнүн келечеги жана мамлекеттүүлүктү сактоо жөнүндө болуп жатат.
- Шайлоо системин жакшыртуу боюнча эмнелерди сунуштап жатасыз?
- -Эн негизгиси, Конституцияны сыйлап шайлоочулардын шайлоо укугун кайра жаратууну, жана тиешелүү мыйзамдын беренелерин өзгөртүүнү сунуш кылганбыз. Ал үчүн бюллетенге партиялардын аттарын эмес, партиялардын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин киргизүүнү талап кылганбыз. А эгерде бюллетендин көлөмү бир-эки метр болуп калат десек, анда дүйнөлүк тажрыйбага кайрылып бизге оң келе турган практикаларды колдонууну сунуштаганбыз.
Пропорционалдык шайлоо системинин түрлөрү бар. Бизде анын эң начар түрү тандалган, анткени жалпы өлкө шайлоо аймагы деп саналат. Дүйнөдө дээрлик бардык мамлекеттерде мындай жок.
Биз өлкөнүн аймагын ыңгайлуу шайлоо аймактарына бөлүүнү сунуштап жатабыз. Ошондо бир нече жакшы өзгөрүүлөр болот. Биринчиден, формалдуу добуш берүү эмес, накта шайлоо болот. Шайлоочу кимди өзүнүн парламенттеги өкүлү катары көргүсү келсе, ошого добуш берүүгө мүмкүнчүлүк алат. Экинчиден, парламентте өлкөнүн аймактарынын өкүлчүлүктөрү камсыздалат. Мандаттардын саны аймактардагы шайлоочулардын санына ылайык бөлүштүрүлүш керек. Үчүнчүдөн, талапкерлердин тизмеси партиянын жетекчилигинин каалоосу боюнча же партияга берген акчанын көлөмүнө ылайык эмес, шайлоочулардын добуштарынын санына жараша түзүлүшү зарыл. Ошондо жарандарда талапкерлердин тизмесиндеги кезекке таасир этүүгө мүмкүнчүлүк болот.
- Мындай өзгөрүүлөргө каршы чыккандар кимдер? Эмнеге алар азыркы эрежелерди сактагысы келе жатат?
- Жооп жөнөкөй: шайлоо чоң бизнеске айланды. БШКнын маалыматы боюнча, шайлоо мезгилинде 14 саясий партия 777,8 миллион сом короткон. Бир депутаттык мандат үчүн орто эсеп менен алганда 6 миллион сом жумшалган. Добуш сатып алууга кеткен акчаны санаганда партиялардын чыгашасы кыйла көп чыгат. Мындан улам суроо туулат: партиялар кайдан мындай акча табууда? Саясатта кайыр садага жок, жеке кызыкчылыктар гана бар эмеспи. Депутаттын мандаты "товар" болуп калган, партиянын бюджети бул товарды "сатуудан" толтурулат. Айрыкча талапкерлердин тизмесиндеги биринчи орундар баалуу болот.
Мындан тышкары бизнесмендерден турган парламентти башкаруу оңой. Бирок партиялардын жетекчилери "башкарууга жеңил адамдар" "ээлерин" оңой алмаштырып коё ала турганын унутушууда.
- Шайлоо темасынан тышкары башка курч темаларды талкууласак... Бүгүнкү күндө коррупцияга каршы күрөш кандай жүрүп жатат?
- Бизде болуп жаткан нерсе коррупция менен күрөшүү эмес, учурдагы коррупциялык системдин натыйжасы менен күрөшүү. Акаевдин, Бакиевдин жана Атамбаевдин комбинаторлору коррупциялык схемаларды түзүп, мыйзамдаштырып коюшту. Ошондуктан мыйзамга киргизилген нормаларды жана эрежелерди жок кылуудан кийин гана коррупция менен күрөшүү мүмкүн. Ал үчүн кесипкөй адамдар керек. Ошентип биз кадрлар маселесине кайтып жатабыз.
Бүгүнкү күндө айрым жогорку кызматтагы чиновниктердин кармалышы коррупция менен күрөш болуп жаткандай таасир калтырат. Бирок бул болгону натыйжа менен күрөшүп жатканын көрсөтөт. Алардын ордуна келгендер түзүлүп калган схеманын ичинен чыга алышпай коррупцияны улантышат.
Аткаруу бийлигинин токтомдору жана мыйзамдары оңой кабыл алынып жатканы бизди кубандырбаш керек, анткени мындай көрүнүш бизде мыйзамдарды экспертизадан өткөрүү боюнча эффективдүү системдин жоктугун, жоболордун туруктуу эместигин көрсөтүүдө.
- Бул багытта президенттин айланасындагылар канчалык эффективдүү иштеп жатышат?
- Шайлоодо иштеген адамдарды эске албаганда Сооронбай Жээнбеков бийликке командасыз келген. Президенттик аппаратта иштегендердин көбү Алмазбек Атамбаевдин кадрлары. Өкмөттө мындан да көп. Жээнбеков Атамбаевдин кадры болгондуктан өзүнүн командасын алып келе алган жок. Эми өзүнүн командасын түзгөнгө чейин жана кызматтарга өзүнүн адамдарын койгонго чейин айлар эмес, жылдар өтөт. Ошондуктан президенттин айланасындагы адамдардын иш-аракеттери иштемиш түр көрсөткөндөй кабыл алса болот.
Эгер Жээнбеков команданы кесипкөй адамдардан эмес, өздүк адамдардан түзөм десе, анда бул иш оңой болбойт, себеби саясатта өз кишилер болбойт. Азыркы президент менен экс-президенттин тиреши муну ырастайт, тагыраагы, азыркы президенттин айланасы менен мурдагынын айланасынын тиреши. Анткени алар "ээсинин" пикирин түзүшөт. Кесипкөй командасыз президент дагы, премьер-министр дагы айрым маселелерди талкуулоо үчүн аймактарды кыдырып жүрө беришет, чет мамлекеттердин лидерлери менен жолугушуулары эч кандай пайда алып келбейт. Мисалы, Өзбекстандын президентинин ар бир иш сапары көп миллиарддык суммадагы келишим түзүү менен жыйынтыкталат. Бизде өз кишилердин ордуна кесипкөйлөр келмейинче, улуулар жана жаштар деп бөлүүнү токтомоюнча, азыркыдай абал кала берет.
Президент парламенттин төрт төрагасынын кайрылуусуна көңүл бурбаганы буга далил. Ал мамлекет башчы катары сунуштар жакпаса да көңүл буруп койсо болмок. Сөзсүз бирөө менен макул болуу шарт эмес, чечимди өзү чыгарат.
- Маектериңиздин биринде "өлкө күндөн күнгө артка кетип жатат" деген экенсиз. Эмненин негизинде минтип ойлойсуз?
- Өлкөнүн экономикасынын артка кетип жатканынын себептери көп. Эң башкысы бюджеттик саясатты көзөмөлдөөнүн жоктугунда. Анын себеби - экономикалык саясаттын натыйжасы. Өлкөбүз бюджеттеги тешиктерди жамоо менен дагы деле алек. Мисалы, биздин парламент Жогорку-Нарын ГЭС каскад боюнча өкмөттөр аралык келишимди жокко чыгарган, эми өлкө "РусГидронун" 37 миллион долларлык чыгашаларын төлөп бериш керек. Дагы бир мисал, Жогорку Кеңеш ЕАЭБ алкагында экономикалык кызматташууну өнүктүрүү боюнча Кыргыз-Казак өкмөттөр аралык келишимди жокко чыгарган. Бул келишим боюнча Кыргыз Республикасына 100 миллион доллар берилмек, бирок эми бул сумма элдин моюнундагы жүк болуп калды. Ошондой эле парламент тарых музейин оңдоп-түзөөгө, Чолпон-Атадагы ат майдандын жана башка объекттердин курулушуна миллиарддаган чыгашалар кетип жатканда кыңк этпей байкап турган. Бул мисалдар бюджеттик саясаттагы башаламандыкты далилдейт жана парламенттин республикалык бюджетке кайдыгерлик мамиле кылуусун билдирет.
Кайсы бир чечимди кабыл алууда парламент жана өкмөт каржылоо булагын аныкташы керек болчу. Бирөөнүн эмоциясын карап каржы маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу - опурталдуу көрүнүш. Мисалы, АКШда президенттин ар бир иш сапары мыйзамга ылайык тиешелүү комитет менен макулдашылат. Биздин бийлик өлкөнүн бюджетин өзүнүн чөнтөгүндөй көрөт. Ушундай абалда өлкөнүн келечеги бар деп ким кепилдик бере алат?
- Мындай абалдан кантип чыкса болот?
- Бир гана жол бар. Өлкөнүн бюджети салык төлөөчүлөрдүн акча каражаттары экенин түшүнүшүбүз керек. Демек, биздин акчаларыбызды ойлонбой корото бергендерден катуу талап кылышыбыз зарыл. Биз муну түшүнмөйүнчө, бул абалдан эч качан чыга албайбыз. Мамлекетти башкара албаган, өлкөнүн бюджетин жеке кызыкчылыктарына пайдаланган адамдарды шайлап жатканыбыз үчүн биз өзүбүз күнөөлүүбүз экенин моюнубузга алышыбыз керек. Тилекке каршы, 2020-жылы биздин шайлоочулар азыркы парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн ишине туура баа бере алат деген үмүтүм жок. Шайлоочуларыбыз кайра кооз убадаларга ишенип, кайра мурдагыларды шайлап алышат деп коркуп турам. Элибизде өлкөдөгү абалды жакшыртууга 5 жылда бир гана жолу мүмкүнчүлүк болуп турат. Ошону туура колдонсок, анда үмүт жаралат.