ЖЫЛНААМА, 15-НОЯБРЬ: "Тартылган тасмаларындагы өнөктөштөрү менен сүйүү мамилесин кура берет" деген кепке калган актриса Шейлин Вудли 27 жашка чыкты

Бүгүн, 15-ноябрда америкалык актриса жана модель Шейлин Вудли 27 жашка чыкты.

Аты-жөнү: Шейлин Дайанн Вудли

Төрөлгөн жылы: 1991-жыл

Төрөлгөн жери: АКШнын Калифорния штатынын Сими-Вэлли шаары

Бою: 173 сантиметр

Жылдыз белгиси: чаян

Үй-бүлөлүк абалы: бойдок.

Өзгөчө өткөн өткөөл курак

Шейлин Вудли бала чагынан тартып чыгармачылыкка аралашып, өспүрүм кезинде эле атактуулукка жетишкен актрисалардын катарына кирет. Анын атасы мектеп директору, апасы жалпы билим берүү мектебинде психолог болуп эмгектенген. Бирок Шейлин 15 жашка чыкканда ал үлгүлүү деп эсептеген үй-бүлө - ата-энеси ажырашып кеткен. Ушул кезде ага дарыгерлер сколиоз (омурткалардын ийрейип калуусу) оорусуна чалдыкканын айтышкан. Мындан улам ал дайыма медициналык корсет кийип жүрүүгө туура келген. Ошол эле учурда ал тиштерин оңдоо үчүн брекет тактырган.

Актриса сколиоз оорусунан айыккан

Өткөөл курагында бир канча көйгөй бир келген өспүрүм кыз жашоодо абдан активдүү боло баштаган. Демейде өспүрүмдөр бул куракта түнкү клуб, кечелер, алкоголь, тамекиге кызыгуусу күч алса, Шейлинде башкача өткөн. Ал айлана-чөйрөнүн берилген коргоочусу болуп, өзүндөгү агрессияларды митинг, акцияларда чыгарып турган. Шейлиндин Тэннер аттуу иниси бар.

Шейлин бала чагында эле бир нече тасмаларда эпизоддук роль аткарган

Чыгармачылык коштолгон балалык

Актриса чыгармачылыкка өтө эрте аралашкан. Алгач 5 жашынан тартып жарнамалык роликтерге модель катары тартылып жүргөн. Тасма талаасындагы эң алгачкы дебюту 8 жашында болгон. Ал "Атамдын ордуна" тасмасында кичинекей роль жараткан. Ал эми атак алып келген тасма "Америкалык өспүрүмдүн жашыруун жашоосу" (2008-ж.) аттуу сериалы болгон. Сюжетте 15 жаштагы Эми Юргенс кош бойлуу экенин билген соң көздөн далдоо жашап, өз алдынча төрөөгө аракет жасайт. Бул учурдагы көрүнүштү ийине жеткире аткаргандыгы үчүн «Teen Choice Awards» сыйлыгынын 5 номинациясына татыган.

“Америкалык өспүрүмдүн жашыруун жашоосу” сериалындаАндан кийин "Урпактар" ("Потомки") тасмасы аркылуу да таанылып, 2011-жылы "Алтын глобус" киносыйлыгынын "Көз карандысыз эрк" номинациясына татыганын белгилей кетүү керек.

Актрисанын атактуу тасмалары: "Мула", "Биздин макулдук", "Урпактар", "Бурганактагы ак чымчык", "Дивергент", "Жылдыздар күнөөлүү", "Дивергент", 2-бөлүк: Инсургент, "Дивергент", 3-бөлүк: "Дубал артында", "Сноуден" жана башка.

Актриса

Шейлин Вудли сүйүүдө

Шейлин Вудли мырзалар менен түзгөн жеке мамилелерин жарыялаганды туура көрбөйт. Анткени менен басылмалар аны өзү тартылган көптөгөн фильмдердеги өнөктөштөр менен сүйүү мамилесин куруп келген бийкеч деп жазышат. Шейлин интервьюларынын биринде ролдорду жүрөгүм менен тандайм деп айтканы бар. Мындан улам күйөрмандары анын тасма талаасындагы өнөктөшү менен махабат мамилесин куруп кетүүсү оңой болот деген ойлорун айтып келишет.

Анткени менен актрисанын сүйүү мамилесинин туруктуу экени азырынча айтыла элек. Өткөн жылдын жай айларынан тартып ал интернеттеги баракчасын жүзү жашырылган мырза менен чогуу жүргөн сүрөттөрүн жүктөй баштаган. Көп өтпөй журналисттер анын сүйүктүүсү - фиджилик регбист (сүйрү топ менен ойногон спортчу) Бен Волавола экенин жарыялашкан. Андан кийин ал жигитинин жүзүн жашырбай, иш-чараларга чогуу бара башташкан.

Шейлин Вудли Бен Волавола мененАга чейин 17 жашында Шейлин Вудли "Америкалык өспүрүмдүн жашыруун жашоосу" сериалындагы өнөктөшү Дарен Кагасофф менен сүйүү мамилесинде деген кептер тараган. Андан кийин актриса бийкеч "Кызыктырган убакыт" тасмасында өзү менен чогуу башкы ролду аткарган актёр Майлз Теллер менен жылуу мамиледе жүргөн. Бирок бул мамилеси да көпкө узабай кийинки тартылган фильминдеги Шайло Фернандес менен жолугушуп жүргөнү жарыяланган. Анткени менен актриса бул мырзалардын баары менен достук мамиледе жүргөнүн айтат.

Шейлин Вудли жана Майлз Теллер

Шейлин Вудли тууралуу кызыктуу фактылар:

* 2012-жылы "Жаңы жөргөмүш адам" («Новый Человек-паук») 3 жана 4 тасмаларында Вудли эпизоддук ролдорду аткарып, бирок ал кадрлар тасмадан кесилип калган;

* Ушул эле жылы "People" журналы аны дүйнөдөгү эң сулуу аялдардын бири деп атаган;

* Спорттун экстремалдык түрлөрүн жактырат;

* Бош убактысында айлана-чөйрөнү коргоо боюнча акцияларга катышып турат;

* Экологияны коргоо боюнча акцияларга катышып, жеке корпорациянын аймагына мыйзамсыз киргени үчүн сот жообуна тартылып, 1 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган,

* Айрым маалымат булактары аны феминист деп аташат.

Шейлин Вудли апасы менен

актриса иниси менен

15-ноябрга карата жылнаама.

Актриса Шейлин Вудли тасмадагы өнөктөштөрү менен сүйүү мамилесин кура береби?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан