Ош шаары боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана транспорт каттоо бөлүмүндө эки күндөн бери элди тейлөө тийиштүү шартта аткарылбай жатат. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРга" билдирди.
"Эл унааларын каттоодон өткөрө албай, узун кезекке туруп жатышат. "Унаа каттоо ишин жүргүзүү жаңы план менен ишке ашып жатат" дешти. Мекемеде электр энергиясы берилбей жаткандыктан кызматкерлердин жумушу үзгүлтүккө учурап жатат деп түшүндүрүштү. Ушундай мамлекеттик мекемеде кантип күйүүчү май менен иштей турган электр чордону жок? Унаабызды каттатып алып ишибизди улантышыбыз керек. Орусияга билеттерин алып коюп унаасын каттата албай, билети "күйүп" кеткен жарандар да бар. Такси кызматын көрсөткөндөр да ишинен калып жатат", - дейт окурман.
Бул кабарга алынган жоопту шилтеме аркылуу өтүп окусаңыз болот.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.