Кыргызстан туристтик тармакта бир гана Ысык-Көлдү өнүктүрүү менен чектелбеши керектигин бүгүн, 11-июлда Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Лоран Ги донорлордун эл аралык жыйынында билдирди. “Албетте, көл абдан сонун, бирок өлкөдө андан кем калышпаган, өнүктүрүүгө муктаж болгон жерлер көп. Кыргызстандын бийлиги туризмди жайында гана ойлоп, сезондук гана өнүктүрүүдөн алыс болуусу керек. Башка жыл мезгилдеринде дагы туристтерди тартуу иштерин жүргүзүү абзел",- деди элчи.