ЦУМда телефон сатуучу менен пикир келишпестиктен чыккан уруштан улам каза болгон 45 жаштагы С.З. аттуу жарандын мурдагы жубайы айыпталуучуга эч кандай доосу жок экендигин билдирди. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-ноябрда жогорудагы кылмыш иши боюнча соттук отурум болгон. Анда каза болгон адамдын мыйзамдуу өкүлү болгон жубайы айыпталуучуга карата жеке ачык айыптоодон баш тартканын билдирген. Ошондой эле сотто окуянын эки күбөсү суралып, 26-ноябрда болуучу соттук отурумда дагы 3 күбө сурала турганы айтылган.
Эске салсак, 28-августта "Айчүрөк" соода борборунун жер төлөсүндө 40 жаштардагы эркек киши эс-учун жоготуп каза болуп калган. Кийин каза болгон жаран менен аталган соода борбордо телефон саткан сатуучунун ортосунда пикир келишпестиктер чыкканы айтылып, окуянын видеосу интернетке тарап кеткен. Ал эми каза болгон жаран акыркы жылдары борбордогу батирде жалгыз жашап келген. Анын ата-энеси каза болуп калган жана аялы менен ажырашып кеткен.