Голливуд жылдызы Женнифер Лопес 20 мүнөттүн ичинде 2 миллион доллар каражат тапты

Америкалык ырчы, актриса Женнифер Лопес 20 мүнөт аралыгында 2 миллион доллар тапты. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыгышкан.

Маалым болгондой, Женнифер Лопес Катардагы "Doha festival City" деген жаңы соода борборунун ачылышына чакырылган. Соода борбордун ачылышына дүйнөгө белгилүү жылдыздар чакырылып, аларга ар кандай суммадагы гонорар төлөнгөн. Ачылышка келген Женнифер Лопес ырдаган эмес. Ал жөн гана соода борборуна келген күйөрмандары менен жолугуп, кол тамгасын калтырган. Чет элдик басылмалар Женнифер күйөрмандары менен 20 мүнөт гана жолукканын жазып чыгышкан.

Салтанаттын уюштуруучулары актрисанын жатаканасын, тамак-ашын, жол акысын дагы акысыз кылган.

Актриса "Forbes" журналынын версиясы боюнча эң көп киреше тапкан атактуулардын сап башында турат.

Буга чейин, 49 жаштагы Голливуд жылдызы "InStyle" журналынын декабрь айындагы санынын башкы бетине чыгуу үчүн жарым жылаңачтанып сүрөткө түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Batma08
2018-11-16 15:28:36
ооххооо
0
Umakg
2018-11-16 17:29:50
Жуз мин болсо канале буйруса болуп калар
+3
Umakg
2018-11-16 17:30:26
Бирок деньсолугум бул алган акчадан кымбат турат
+2
Aksy.24kg
2018-11-16 18:06:55
арабтарда акча копта
0
asil-08
2018-11-16 23:03:28
Менин кызымдын операциясына 20 миң сом берип турса кандай сонун болмок, кийинчерээк топтоп бермекмин. Жаратканым өзүң жардам бере кор.
+2
baltabaev
2018-11-17 00:18:12
asil-08,кандай операция?
0
Paol
2018-11-17 03:01:28
asil-08,кандай операция
0
asil-08
2018-11-17 12:00:38
Paol,мойнунан операция болуш керек Срочно.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан