Голливуд жылдызы Женнифер Лопестин жарым жылаңач сүрөтү социалдык тармакта кызуу талкуу жаратты. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, ырчы өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жаңы сүрөттөрүн жарыялаган.
Маалым болгондой, 49 жаштагы жылдыз "InStyle" журналынын декабрь айындагы санынын башкы бетине чыгуу үчүн жаңы сүрөткө түшкөн. Анда Женнифер Лопес "Valentino haute couture" брендинин зымырат түстөгү эки капталы ачык көйнөгүн кийип түшкөн. Көйнөктүн узундугу жер чийип турат, бирок көйнөктүн эки капталы жок болгондуктан ырчынын жарым жылаңач денеси көрүнүп турат.
Женнифер Лопестин сүрөтү талкууга жем таштап, айрымдары "Эки баланын энеси денесин көрсөтүп сүрөткө түшмөк эмес" деген билдирүүлөрүн калтырса, көпчүлүк күйөрмандар 49 жаштагы ырчынын дене мүчөсүнө суктанып, идеалдуу деп баалашкан.
Көпчүлүктү дене мүчөсү менен суктандырган Женнифер Лопес буга чейин дагы жарым жылаңач сүрөттөргө түшүп келген. Мындан улам күйөрмандары анын дене мүчөсүн гитарага окшоштуруп келген.