Курамына 13 депутат кирген Кыргызстан менен Сауд Арабиянын парламенттик достук тобу түзүлдү. Бул тууралуу 11-июлда Сауд Арабиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушуу учурунда билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө элчи азыркы тапта кол коюуга бир топ эки тараптуу келишимдер иштелип жатканын кошумчалады. Ал эми төрага А.Жээнбеков 2013-жылдын экинчи жарымында күтүлүп жаткан Сауд Арабиянын парламент спикеринин Кыргызстанга боло турган иш сапары парламенттер аралык байланышты өнүктүрүүгө кошумча түрткү берерин белгиледи. Ал ЖКнын Сауд Арабия менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунда 26 депутат бар экенин маалымдап, өлкө парламенттеринин ортосундагы байланышты өнүктүрүү эки өлкө ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө көмөктөшөрүн айтты.