Мамлекеттик жана муниципалдык жаш кызматкерлер Япониянын жогорку окуу жайларында билим ала алышат. Бул тууралуу 11-июлда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн жогорку деңгээлдеги өнүктүрүү конференциясынын жүрүшүндө Кыргызстан менен Япония өкмөттөрү кол койгон келишимде жазылган. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Япония “Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендия” программасын ишке ашырууга 212 миллион йен (болжол менен 2,12 миллион доллар) жардам көрсөтөт.