ЖЫЛНААМА, 20-НОЯБРЬ: 14 жашынан тарта коркунучтуу тасмаларга тартыла баштаган канадалык актриса Лора Харрис 42 жашка толду

Көптөгөн коркунучтуу тасмаларда жараткан ролдору аркылуу белгилүү болгон канадалык актриса Лора Харрис бүгүн, 20-ноябрда 42 жашка толду. Ал 1976-жылы Канаданын Ванкувер шаарында жарык дүйнөгө келген. Лора Харрис окуучу кезинен тартып ыр, бий жана ар кандай оюн-зоок ийримдерине барган. Лора 5 жашынан тартып балдарга арналган ар кандай телешоулорго катышып, ал тургай мультфильмдерге үн коштоп, радиодогу пьесаларда роль жараткан.

Актриса 14 жашында алгачкы жолу чоң экранга Стивен Кингдин чыгармасынын негизинде экрандаштырылган "Ал" драмасына тартылуу менен чыккан. Андан кийин популярдуулукту багынтуу үчүн "Факультет" фильмине катышкан, ошондой эле "Мен сыяктуу өлүктөр" жана "Адам өлтүрүүнү изилдеген аялдар клубу" аттуу телесериалдарына тартылган.

“Факультет” телесериалына тартылып, коомчулукка белгилүү боло баштаган
Ошондон тартып ал таланттуу өспүрүмдөрдүн арасынан суурулуп чыгып, кино дүйнөсүнө аралаша баштаган. Бир канча убакыттан кийин ал кино дүйнөсүнө жакындан аралашууну каалап, Ванкуверден Лос-Анжелес шаарына көчүп келген.

1990-жылдан тартып кино жаатында активдүү иштеп тартыла баштаган. Ошону менен катар белгилүү "Одиссей", "Тоолук", "Жашыруун материалдар" деген долбоорлорго катышкан. Мындан тышкары, белгилүү кинофильмдерге тартылуу менен карьерасын өнүктүрүүгө бел байлап, "Сабрина" аттуу жез кемпир тууралуу жомокко катышкан. Ошондой эле ал популярдуу сериалдарга тартылуу менен белгилүү болгон.


“Бороон чакыруу” тасмасынан кадр

2000-жылдары өзүн сүйгөн кыз жөнөкөй ролдорго тартылууну каалабай, алгач достору менен биргеликте өздөрүнүн "Rocket Chicken International Pictures" аттуу кинокомпаниясын ачышкан. Ал продюсерлик кылган "Чогуу барабыз" аттуу фильмде башкы ролду жараткан.

Актриса ушул жашка келсе дагы дале турмушка чыга элек. Анын айтканына караганда, ал кубалык, жыгач уста болууга жөндөмдүү мырзаларды идеалдуу деп эсептейт. Ал мырза актриса үчүн өз колу менен үй куруп берип, ошондой эле аны менен бирге серфинг жана сальс бийин үйрөнүүсүн кыялданат.

Актриса тууралуу кызыктуу фактылар:

  • Актриса испан жана француз тилдеринде жакшы сүйлөйт;
  • Сол ийинин арт жагында Күндүн жана чаяндын сүрөтү түшүрүлгөн татуировкасы бар;
  • Ал өзүн коомчулукка жарыялоону жактырбайт;
  • Социалдык тармактарга дээрлик кирбеген актрисалардын катарын толуктайт.

20-ноябрдын жылнаамасы.

42 жашка чыккан канадалык актриса Лора Харрис дале турмушка чыга элек
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан