Бүгүн, 22-ноябрда "Аделдин жашоосу" аттуу мелодрама аркылуу популярдуулукту багынткан француз актрисасы Адель Экзаркопулос 25 жашка толду.
Ал 1993-жылы 22-ноябрда Франциянын Париж шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу. Адель бала чагында абдан түнт, көпчүлүккө аралашпаган кыз болуп чоңойгон. Аны мындай мүнөзүнөн арылтуу үчүн ата-энеси балдарга арналган театралдык студияга беришкен.
Адель 12 жашында "Марфа" чыгармасында дебюттук ролун жараткан. Андан көп өтпөй эле кичинекей актрисага "Р.И.С. полиция" аттуу телесериалга тартылууга сунуш түшкөн.
Жаш актриса 15 жашында "Темпельбахтан чыккан ашынган тентектер" аттуу фильмде башкы ролду жараткан. Ал эми чоң экранга "Тегеректеп курчоо" аттуу согуш темасына арналган драмага тартылуу менен чыккан. Кино II Дүйнөлүк согуш учурунда фашисттерден жабыркаган еврей элинин жашоосу жөнүндө болгондуктан дүйнөлүк сатыкта 25 миллион доллар киреше алып келген.
2013-жылы француз режиссёру Абделатиф Кешиштин "Аделдин жашоосу" аттуу киносу экранга чыккан. Анда актриса башкы ролду жараткан. Бул кино бүткүл Орусияга "Көк - эң жылуу түс" деген аталыш менен белгилүү болгон. Мына дал ушул киного тартылуу менен актриса менен режиссёрдун чыгармачылыгында чоң бурулуш болгон десек жаңылышпайбыз. Анткени дал ушул кино актрисага дагы, режиссёрго да ийгилик алып келген. Аталган кино Канн кинофестивалында башкы сыйлык катары саналган "Алтын пальма бутагын" жеңип алган. Ал эми актриса ушул эле фестивалда өзүнө берилген ролду ийине жеткире аткаргандыгы үчүн "Мыкты актриса" наамына татыган.
Бул тасмада баш каармандын ролун жараткан 2 кыз жалаң ачык эпизоддорго тартылышып, кийин да достугун улантышкан. Тасманын сюжети жалпыга маалымдоо каражаттарында кызуу талкуу жаратып, бет ачары Францияда бир жыныстуу адамдардын никелешүүсүн мыйзамдаштыруу күнүнө карата көрсөтүлгөн. Бирок кино жаратуучулар өз билдирүүсүндө бул тасма аркылуу адамдарды эч кандай бир жыныстуу никеге турууга үндөбөгөндүгүн, чыныгы сүйүү сезимин чагылдырганын айтышкан. Ал эми башкы каармандар бул бир гана кинодогу ролу экенин, жашоодо ар ким өз жолу менен кетишкенин, ошол эле учурда бир жыныстуу никеге турууга каршы эместигин айтышкан.
Адель Экзаркопулос мындан тышкары "Кутучалар" (Коробки), "Ак чарчы" (Белый квадрат), "Акыркы адам" (Последнее лицо), "Жетим" (Сирота) жана башка тасмаларда роль жараткан.
20 жашында Жереми Лаэрт аттуу актёр менен мамиле куруп жүргөнүн журналисттер жазып чыгышкан. Бирок көп өтпөй эле актриса экөөнүн мамилесин жокко чыгарган. 2016-жылы Инстаграмдагы жеке баракчасына Doums аттуу лакап аты менен белгилүү рэп аткаруучу (ред. толук аты-жөнү Морган Фримон) менен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялаган.
Түгөйлөр 2016-жылдын май айында жолугушкан, ошол эле жылдын ноябрь айында актрисанын кош бойлуу экени угула баштаган. 2017-жылдын март айында аны "Louis Vuitton" модасына катышып чыгып келатканда папараццичилер тартып алышкан.
Актриса кызыктуу, кубанычтуу абалын жашырбай бактылуу сезимдери менен бөлүшүп сүрөткө түшүп берген. Ал эми апрель айында уул төрөп, атын Исмаэль деп коюшкан. Алар үй-бүлөсү тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат беришпейт.
2017-жылы кайрадан кино жаатына кайрылып, европалык киного тартылган. Ал эми 2018-жылдын жай айынын аягында "Ак карга" аттуу драмада роль жараткан.
22-ноябрдын жылнаамасы.