Буга чейин Жалал-Абад шаарында социалдык тармактардын биринде канал ачып иштеп жаткан журналист Санрабия Сатыбалдиевага кол салуу болгону маалымдалган. Анда жазылгандай, журналист 9-ноябрда саат 10:30дар чамасында үйүнөн чыгып бара жатканда белгисиз адам учтуу буюм менен колуна сайып жиберген. Жалал-Абад ОИИБи бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 151-беренесинин (журналисттердин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу) негизинде кылмыш иши козголгонун билдирген.
Бүгүн, 19-ноябрда SUPER.KG порталы Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматына байланышып окуяга байланыштуу жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу билди.
"Учурда бул кол салуу боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Бирок шектүү катары эч ким кармала элек", - деди басма сөз кызматкери.
Ал эми Санрабия Сатыбалдиева ал милицияга болгон ишениминин жоктугунан арызын кайтарып алганын жарыялаган.