"Мени талкууга алгандардын деңгээли ошол деп түшүнөм". Жалал-Абадда колуна бычак сайылды делген журналист жаракат алган жерин көрсөттү

Буга чейин Жалал-Абад шаарында интернеттеги социалдык тармактардын биринде канал ачып
иштеп жаткан журналист Санрабия Сатыбалдиевага кол салуу болгону маалымдалган. Анда жазылгандай, журналист 9-ноябрда саат 10:30дар чамасында үйүнөн чыгып бара жатканда белгисиз адам учтуу буюм менен колуна сайып жиберген.

Жалал-Абад ОИИБи бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 151-беренесинин (журналисттердин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу) негизинде кылмыш иши козголгонун билдирген. Бул окуя тууралуу коомчулукта түрдүү пикир жаралып, айрымдар анын өмүрүнөн кам санап жатса, кээ бири милиция менен тыгыз иштешип, анын кылмышкерди табышууга кызматташпай жатканын сынга алышууда.

Бүгүн, 12-ноябрда SUPER.KG порталы Сатыбалдиевага байланышып, бир катар суроолорго жооп алды. Буга чейин ал милицияга болгон ишениминин жоктугунан арызын кайтарып алганын жарыялаган. Муну ал төмөндөгүдөй түшүндүрдү:

"Башында арыз жазуудан баш тартканмын. Себеби ар бир кесипте такшалбаган кызматкерлер болот. Милицияда деле ошондой болду. Ошондуктан милиция кызматкерлерине болгон ишенимим жок дедим. Айрым кызматкерлердин аракети ошол сөздү айтууга жеткирди. Бирок мен арыз жаза электе эле алар өз ишин баштап, коопсуздугумду карап киришти. Мен арызды 10-ноябрда жазгам. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүүдө. Бардыгы мыйзам чегинде. Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен окуянын чоо-жайы белгилүү болот".

Ошондой эле Сатыбалдиева суроолорго жооп берип жатып шектүү катары күмөн санаган адамдар бар экенин, бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн аларды айтпай турганын белгиледи.

"Мен колумду эмне менен сайганын көрбөй калдым. Дарыгерлер уучтуу нерсе менен сайганын айтып жатышат. Жаракатты карап көрүшүп "бычак эле окшойт, жакшысы сөөгүңө тийбей калганыңа сүйүн" дешти. Ал эми окуя тууралуу кыскача айтсам, ал адам менден кандайдыр бир документтерди сурады. Мен эч кандай документ жок экендигин айттым. Ал болсо бул мага акыркы эскертүү экенин айтты.

Интернетте окуяны талкуулап жатышканын окуган жокмун, бирок жакындарым айтып жатышат. Эми ар ким өз деңгээлине жараша кабыл ала берет да. Ошол адамдар менин жанымда болуп, жаракатымды көрүшкөн жок да. Эгер ошол адамдар талкууга алгылары келсе бир ооз өзүмдөн тактап коюшса болмок. Келип жаракатымды көрүшсө деле каршы эмесмин", - деди ал.


кошулду
Жалал-Абадда бычакталды делген журналист жаракат алган колун көрсөттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Asyl10
2018-11-12 15:50:14
Бир да кесип адам омуруно тете эмес. Сак болсун эми бул журналист. Сыяга бир чон жыландын куйругун тебелеп алган го анчалыкка барганына караганда. Негизи айрым журналисттер да кээде ченден ашып,такталбаган маалыматтарды таратып жиберчу жайлары бар. 18-20 жаштагы улан-кыздар мамлекеттик ири маселелердге,чон атка миинерлерге баа берип жиберишет. Сайттардан алып алышып эле тактабай жонокой ушакты урдуруп теледен окуп жиберишет.
+9
Pamirlan
2018-11-12 15:52:57
Иий, мен деле милицияга ишенбейм, акыйкат жок да бизде,
+6
tular
2018-11-13 03:22:32
Бул кайсы жакта иштеген журналист экен так маалымат бергилечи
-1
madina.87
2018-11-13 05:30:34
Өлдүнго эми,актана берип....
-1
Fresh_hit
2018-11-13 13:15:30
Жөн адамга тийишпейт. Демек сенде өчү бар адамдардын кылганы.Ден соолукта бол.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан