Таластыктар Казакстанга дагы деле суу бербей жатышат

Талас облусунун тургундары Казакстанга дагы деле суу бербей жатышканын бүгүн, 12-июлда маалымат жыйынында вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди. Айтымында, учурда 10 баладан турган топ сууну кайтарышууда. “Азыр бир катар депутаттар менен бирге сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ошондой эле айылдык кеңештерде бул маселе каралып жатат. Абалды көзөмөлдөп, эмне болуп жаткандыгы тууралуу маалыматтарды алып жатабыз”,- деди Мамытов. Эске сала кетсек, Таластын Көк-Сай айылынын тургундары 7-июлдан бери Казакстанга кеткен “Быстроток” каналындагы сууну өткөрбөй бууп турат. Бул канал аркылуу Казакстандын Жамбыл облусунун 3 миң гектардан ашуун айдоо жери сугарылат. Жергиликтүү тургундар кыргыз-казак чек арасындагы 4,5 гектар жерди кайтарып алууну, былтыр алмашууга макулдашылган 2 гектар жерге орнотулган мамыларды алып салууну талап кылышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан