Жалал-Абаддагы бала бакчалардын биринде кичинекей баланы башка уруп мал менен салыштырып, дагы бир кызды урган тарбиячынын аты-жөнү такталганын SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, окуя Жалал-Абаддагы №21-бала бакчада орун алган. Милицияга арыз менен кечээ, 21-ноябрда Жалал-Абад шаарынын Дилфуза Д. аттуу тургуну кайрылып, анын 3 жаштагы кызын тарбиячысы урганын билдирген. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Кечээ бала бакчада тарбиячы кичинекей балдарга кыйкырып, урган видеосу тарап, талкуу жараткан. Видеону жөнөткөн адам окуя Жалал-Абаддагы бала бакчада болгонун жана видеодогу тарбиячы тарабынан мындай жүрүм-турум адатка айланганын айткан.