Венсан Кассель – франциялык актёр, беделдүү "Сезар" сыйлыгынын ээси. Актёр өзү туулуп өскөн Францияда да, Оскарга татыктуу болгон "Каракуу" сыяктуу бир катар фильмдерге тартылган, Голливудда да кадыр-барктуу.
Ал 1966-жылы Парижде төрөлгөн. Атасы Жан-Пьер Крошон Франциянын белгилүү актёру, апасы Сабина Литикье журналист болгон. Венсан Касселдин дагы 3 бир тууганы бар.
Венсан бала кезинде окугандын ордуна театрга барганды абдан жактырган.
1980-жылы 13 жашында ата-энеси ажырашып кетип, ал апасынын колунда калган. Ошондо анын шоктугу күч алып дүкөндөн майда-чүйдө товарларды уурдап бир нече жолу тартип сакчылары кармап кеткен. Мындан тышкары автоунаа айдап качкан деп да күнөөлөнгөн.
Бирок акылы токтолгондо ал бейбаштыкты токтотуп цирк өнөрү боюнча окуу жайды аяктап, акча табуу үчүн Нью-Йоркко кетет. Ал жакта циркте иштеп өзү кыялданган акчаны жана атактуулукту таппай турганына көзү жетип, кайра Парижге келип, актёрлук курстан билим ала баштайт. Ошол эле учурда Жан-Луи Барро театрында иштей баштаган. Актёр ушул кезге чейин цирк өнөрүн таштоо боюнча туура чечимди өз убагында кабыл алганын айтып жүрөт.
Театрда иштеп, бир нече башкы ролдорду аткарып ийгилик жарата алгандан кийин ал өзүн кино жаатында сыноону чечкен. Адегенде "Бейиштин ачкычы", "Ысык шоколад", фильмдерине жана "Варбург: Таасирдин адамы" сериалына тартылып, бирок бул тасмалар менен популярдуу боло алган эмес. Өзүнүн аткарган ролдоруна канааттанбай жүргөндө 1993-жылы Матьё Кассовиц аттуу досу, режиссёр "Метиска" деген тасмасына тартылууну сунуш кылган. Андан 2 жыл өтүп "Жек көрүү" драмасына тартылып, Канн кинофестивалында "Сезар" номинациясын жеңип алган. Мындан кийин актёрдун атагы артып, буга чейин режиссёрлордун сынында жүрсө, андан кийин ал режиссёр, сценарийлерди тандай баштаган.
1996-жылы "Квартира" мелодрамасы, дагы бир жылдан кийин "Доберман" фильми экранга чыгып, анда аткарган ролдору үчүн анын тасма талаасында мурдагыдан да аброю арткан. Ага удаа эле 1998-жылы "Елизавета" тарыхый тасмасында Анжу башчысынын образын аткарып, фильм "Оскарга" сунушталып, Британиянын жылдын мыкты фильми деп аталган.
Актёр катар-катары менен "Жанна д’Арк", "Багынбас", "Кызыл дайралар", "Эриндерден оку" жана башка тасмаларга тартылып, жараткан эмгектери үчүн бир нече жогорку сыйлыктарга татыган.
2002-жылы актёр "Кайтарылбас" деп аталган эмоционалдуу, татаал криминалдык драмада башкы ролду аялы Моника Беллуччи менен чогуу аткарган. Анда Кассель Муркустун, Моника Беллуччи анын мурдагы аялы Алекстин ролун аткарган.
Фильмде Алекс кийинки сүйгөнү Пьера менен кечеге барганда мурунку күйөөсү менен анын жаңы сүйгөнүнүн ортосунда чыр чыгып, Алекс экөөнү тең таштап көчөгө чыгып кетет. Бул жерде ал зордуктоого, уруп-сабоого кабылат. Киносынчылар тасма абдан каардуу жашоону чагылдырганын айтышкан. "Кайтарылбас" фильми Канн фестивалында көрсөтүлүп, аялды уруп, сабап жаткан 9 мүнөттүк үзүндүнү көргөндөрдүн арасында айрым адамдар өзүн начар сезип, медициналык жардам чакыртылган.
Жалпысынан 113 тасмада роль жараткан Кассель тасма талаасында актёр эле эмес, продюсер, режиссёр, сценарист катары да эмгектенет.
Венсан Кассель - дүйнөнүн эң сулуу айымынын күйөөсү
Дүйнөгө атагы таш жарган актёрлук талантынан тышкары сулуулуктун эталону катары таанылган Моника Беллуччиге жетүүнү кыялданган эркектер миңдеп саналгандыгы жазылып жүрөт. Тасмалардагы бакыраң көз бийкеч, италиялык модель жана ал кезде көп деле тажрыйбасы жок актриса Моника Беллуччи менен аты таанылып калган Венсан Кассель 1996-жылы "Квартира" тасмасына тартылуу учурунда таанышкан. Андан кийин актёр менен актриса бир нече тасмаларда чогуу роль жаратып, кино дүйнөсү алардын жүрөгүндө бири-бирине болгон сүйүүнү орноткон.
1999-жылы Кассель менен Беллуччи мыйзамдуу түрдө үйлөнүшүп, 2004-жылы Дэва, 2010-жылы Леони аттуу 2 кыздуу болушкан. Түгөйлөрдү көпчүлүк суктандырган жубайлар катары көрүшкөн. 15 жылдан ашык чогуу жашагандан кийин Венсан Кассель менен Моника Беллуччи 2013-жылы ажырашып кетишкен.
Дүйнө жылдыздары эки тараптуу макулдашуу менен чыр-чатаксыз ажырашканын, достук мамилеси сакталып, кыздар апасында калганын айтышкан. Кассель каалаган учурунда кыздары менен жолугуп турушуна Беллуччи каршы эмес болчу. Кийинчерээк алардын ажырашуусунун себеби катары аялында Венсан Касселге болгон ишенимдин жоголгону айтылган.
Чет элдик басылмалар Мониканын билдирүүсүн мындайча жазышкан: "Мага андан төшөк кумары гана эмес, ар дайым ишенимдүү болуусу, өзгөчө оор кырдаалдарда жанымда болуусу керек болчу. Бирок биздин кырдаалда ишенимдүүлүктү күтүүнүн өзү акылсыздык болчу".
Венсан Кассель азыркы учурда
2018-жылы актёр "Шоу Мистико", "Кара сызык", "Дүйнө сага таандык" аттуу тасмаларда башкы ролдорду жаратты.
Беллуччи менен ажырашкандан кийин 2015-жылы ал эс алуу учурунда Тина Кунаки аттуу кыз менен таанышкан. Өзүнөн 31 жаш кичүү кыз менен мамиле курушуна башкалар ишене албаганы менен, көп убакыт өтпөй алар бири-бирине болгон жылуу мамилесин билдиришкен. Биринчи жолу Кассель Тина Кунаки менен сүйүү мамилесинде экенин "Victoria's Secret'тин" көргөзмөсүнөн кийин 2016-жылы коомчулукка жарыялаган.
1997-жылы төрөлгөн модель кыз менен актёрдун мамилесин баары бир көбү олуттуу кабыл алышкан эмес.
Бирок ушул жылдын август айында алар никеге турушуп, жаш курактагы чоң айырмачылык сезимдерине тоскоол болбой тургандыгын тастыкташкан.
23-ноябрга карата жылнаама.