Согуштун айынан дүйнөдө 50 миллион окуучунун мектепке барууга шарты жок. "Согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактардагы 6 жаштан 15 жашка чейинки 48,5 миллион окуучу мектепке барышпайт. 57 миллиондон ашык окуучу башталгыч класска кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган",- деп жазылат ЮНЕСКОнун докладында. Акыркы жылдары Сирияда мектептерге 3,6 миң жолу чабуул жасалган, мындан улам ата-энелер балдарын окууга жиберүүдөн баш тартышат. 2 жыл ичинде аталган өлкөдө 3,9 миң мектеп талкаланган. Ал эми былтыр Конго өлкөсүндөгү согуштук аракеттердин айынан өлкөдө апрелден декабрь айына чейин 240 миң окуучу, Малиде 700 миң, Борбордук Африка Республикасында 1 миллион окуучу мектеп босогосун аттаган эмес.