Депутат Карганбек Самаков Япониянын Кыргызстандагы элчиси менен гемодиализ аппараттарын алып келүү жолдорун талкуулады
Бүгүн, 12-июлда Япония менен кызматташуу боюнча ЖКнын
достук тобунун жетекчиси Карганбек Самаков Япониянын Кыргызстандагы элчиси
Такаюки Коикэ менен жолугушту. Жолугушууда депутат тарабынан Кыргызстанга
чакырылган япон депутаттарынын иш сапарынын шарттары талкууланды. Ошону менен
бирге эле эл өкүлүнүн өтүнүчү менен Япониянын “Токушюкай медикал корпорациясы”
тарабынан бериле турган гемодиализ аппараттарын алып келүүнүн жолдору, депутаттын
жеке демөөрчүлүгү менен Японияга бара турган кыргызстандык 4 медицина
кызматкеринин барып окуп келүүсү жана гемодиализ аппараттарын Кыргызстанга
жеткирүү боюнча пикир алышуу болду. Мындан тышкары заманбап технологиялар менен
жабдыла турган Япониянын медициналык борборун Кыргызстанга куруу боюнча
депутаттын өтүнүчү элчи менен болгон баарлашууда кеңири талкууга алынды. Элчи
Аламүдүн районунун ооруканаларына Япониянын медициналык жабдууларын алып келип
берүү боюнча депутаттын суроосу канааттандырылып жатканын маалымдады.