24-ноябрь күнү төрөлгөн адамдар ачык-айрым, таланттуу, шайыр болушат. Алар жашоосунда кандай кыйынчылык болсо да ачык-айрым мүнөзү менен бат эле жеңип кете алат. Ошондой эле бирөө менен пикир келишпестик жаралса, тамашалап отуруп кырдаалдан чыгып кетет. Адамдар менен оңой эле тил табышып, бат эле аралашып кетишет.
Бул күнү төрөлгөн адамдар сүйүктүүсүнө берилүү менен мамиле кылып, бактысын узак убакытка сактоонун жолун жакшы билишет. Ошондой эле камкор болуп бардык нерсени байкап турушат.
Ал эми жумуш жаатында булар чыгармачыл чөйрөдө иш алып барса, ийгилик жарата алышат. Ошондой эле булар адамдар менен тез эле тил табышкандыктан кандай жумушту аркаласа да, бат эле аралашып кетишет. Булардын эң жакшы сапаттарынын бири - бул чынчылдыгы. Бардык нерсени ачык айтып, эч нерсени жашырбайт.