Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайга Нурлан Каримов жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык маданият башкармалыгынан кабарланган.
Маалыматка ылайык, 39 жаштагы Нурлан Каримов 23-ноябрда жамаат менен тааныштырылды. SUPER.KG порталы окуу жайдын жаңы жетекчиси менен сүйлөшкөндө "Күнү-түнү иштей турган жер" экендигин айтты.
"Ооба, өткөн аптанын жума күнү жамаат менен тааныштым. Бүгүн мына жекшемби, азыр да ушул жерде иштеп жатам. Жума күндөн бери эле дем алыш экенине карабай иштөөгө туура келип жатат. Себеби өзүңүздөр билесиздер, буга чейин окуу жайдан өрт чыккан. Класстарда сабак өтүүгө мүмкүн эмес болуп калыптыр, капкара ыш. Бүгүн жатаканадагы айрым бөлмөлөр мурда сабак өткөн класс катары пайдаланылчу экен, ошолорду актап, оңдоп-түздөп жатабыз. Студенттерди убактылуу бул жакка көчүрүп турабыз.
Мындан тышкары окуу жайдын жаңы имаратынын архитектуралык долбоору түзүлгөн экен, бирок анын жанында май куюучу жай турат. Бул кооптуу да, мындан улам ал май куюучу жайды алдырабызбы, айтор кооптуулугун чечиш керек. Окуу жай чарба жагынан абдан аксайт экен, эшиктин кармагычтарынан тартып эмеректерге чейин эски, алмаштырууга муктаж. Эмеректер 70-80-жылдары берилген, музыкалык аспаптар эскиргени эскирип, күйгөнү күйүп кетиптир. Айтор абдан чоң жоопкерчилик моюнумда турганын билем", - деди ал.
Ошондой эле Каримов окуу жайда мугалимдер жана техникалык кызматкерлерди кошкондо жамаатта 100дөй киши эмгектенерин белгиледи. Жогоруда айтылган мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн бир катар мекемелерге кайрылууну пландап жатканын кошумчалады.
Нурлан Каримов буга чейин Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматында иштеген.
Айта кетсек, буга чейин Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова жетекчи болуп дайындалган. Буйрук ушул жылдын 24-октябрында чыгып, ал эмгек жамааты менен расмий түрдө тааныштырылган болчу. Бирок 1-ноябрда маданият маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов ал буйрук жокко чыгарылганын билдирген.