Самара Каримова 1 күн иштеп, кайрадан жумушунан алынды

Ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болбой калды. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылганын SUPER.KG'ге маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айтып берди. Министрдин белгилешинче, буйрук мыйзамсыз болгон.

"Самара Каримованы музыкалык окуу жайга жетекчи кылып дайындоо боюнча буйрукка мага чейин министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Бактыбек Секимов кол койгон. Бирок анда мыйзам бузуулар болгон экен. Себеби ал киши буйрукка кол коюп, андан кийин Ташкент шаарына учуп кеткен. Буйрукту каттоо учурунда бул жерде болушу керек эле да. Ошондуктан иликтеп чыгып буйрукту азыр жокко чыгардым", - деди Жамангулов.

Жаңыдан дайындалган министр Каримованын кайра өз ордуна дайындалбашы мүмкүн экенин кошумчалады.

"Ал жерге кесипкөй адамдарды карап көрүшүбүз керек. Башында эле бул маселеге каршы болчумун. Анткени бизде атайын квалификациялык талаптар жок экен, талаптар болуш керек", - деди Жамангулов.

Самара Каримованы музыкалык окуу жайга жетекчи кылып дайындоо боюнча буйрук 24-октябрда чыгып, ал эмгек жамаат менен расмий түрдө тааныштырылган болчу.

Ырчы буга чейин да "Сулайман-Тоо" музейине директор болуп дайындалган. Бирок көптөгөн талкуулардан жана сын-пикирлерден кийин кызматтан баш тарткан.

Самара Каримова 1991-жылы 10-апрелде Лейлек районунун Өзгөрүш айылында туулган. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин актёрдук бө­лү­мүндө 2 жыл окуп, турмушка чыкканына байланыштуу Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

Ырчынын репертуарында 30дан ашык ыры, 10го жакын клиби бар. Ал 2014-жылы Жүмамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына арналган республикалык конкурстун баш байгесин утуп алган. Таттыбүбү Турсунбаева, Мыскал Өмүрканова атындагы сыйлыктардын лауреаты. Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен ырчы 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алган.


кошулду
Самара Каримованы окуу жайга жетекчи кылып дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (50)
nargiz94
2018-11-01 23:49:16
Таш ыргытсан Самаранын башына тие турган заман болду го
+8
simone
2018-11-02 00:49:32
Ит болду го бул жагы...
+6
Fatimka
2018-11-02 02:56:31
Мугалимдиктен башташ керек эле. Дароо эле директор болбой. Мындай өзү тарыхта болбосо керек.
+9
nazgul1905
2018-11-02 04:50:57
Адам падам эмес экенсинер деп коюп отурган болуш керек Самашыбыз....министрликти шыбап коюп хе хе.
+11
Makedonia
2018-11-02 13:03:03
))))
0
fanatka19
2018-11-02 05:14:17
Самара уялчы кичине ар кайсы жерге башынды тыга бербей.кандай эле буйрук чыгып бат эле директор боло берет тан калам.Баардык нерсе акырындык менен болот мугалимдиктен баштасан дагы сразы эле шеф болгонго шашпай.
+10
madina.87
2018-11-02 06:43:29
Таң каламда,сахнада жүргөн артистти алып келип директор кылып койсочу!!!!
20 жашында эне сүтү оозунан кете электе Жантай чалды көрдү,анан ырдап калды,башка мамлекеттик эмне иш менен алек болду экен???
+11
Makedonia
2018-11-02 13:03:56
Мен дуйнону Асан менен тааныгааам деп ырдап калдыбы
+10
Nora
2018-11-02 07:02:56
tan kalyshtuu ish bolup atat,27jashtagy Samarany kim togotot al jerde , oilonup ish kylysh kerek bolchu, ar kaisy jerge le derektor kylyp koiushat, kolunan kelgen yishti kylysh kerek liboi adam,Samara yrdaiby yrdai bersin karshy emesbiz, derektor bolom degen kop jyl ishtegen professorlor bar, oshololor ishtesin !
+7
Taalaibek.
2018-11-02 07:47:43
Бул кыз али жаш го бул орунга олтуруш учун! Анан дагы бул кызга жаман болду го, кайра-кайра шылдындай береби чондордун ордуна коюуп. Эми чондордун ордун берсе такыр барбай кой. Сен уят кылып жатышат го.
+9
nazgulya2406
2018-11-02 09:18:56
эми эмгек синирген деген наамын да алып коюшсун
+10
Asylai88
2018-11-02 10:06:40
Келгенинен кеткени бат болуптур го
+8
280678
2018-11-02 10:58:02
Эмне эле баарын Самарага эле асылып алдынар.
Эч бир нерсе Алланын чечимисиз ишке ашпайт.
-15
Nora
2018-11-03 06:10:20
280678,
buiruk jeisinbi kuiruk jeisinbi, dep koiot kyrgyzda, egerde alaa chechse anda baary sprovedlivo bolmok da, bul jerde ne sprovedlivo bolup ketken uchun SAMARA kuiruk jebei oturat, Asan akebiz ministirdin zamynyn konulun alyp,aaa tigi chon ministrin konulun albai koigon uchun ushundai ish bolup atpaiby, xaxaaaa, kulkuluu ele ish boluptur.
-2
nur0202
2018-11-02 11:05:36
Келди кетти.Кетти келди.Келди кааайра кетти.Андан коро ордуну билчи каерде экенин.
+10
Solnyshkin
2018-11-03 00:30:56
jakshy boluptur, yrdap ele juro berchi, senden bashkasy guldotsun. Ilim bilimi jok adamdardyn baary ele ushul syaktuu kyzmattarda otursa anan Kyrgyzstan kantip onugot?
+2
Asyl10
2018-11-03 13:54:12
Самараны 80-90% айымдар жактырбай,ар турдуу жаман создорду жазып келишкен жаза да беришет. Женская солидарность жок деген туура.Айрыкча туштуктогу бардык ырчы айымдар аны вообщеле жек корушот, анткени Самарада сулуулук, келбеттуулук,жонокойлук,талант, кубулжуган уну,улуу болсо да аны алаканына салып жургон жолдошу, чырактай балдары бар.Самаранын аты чыккан жерде аны каралаганы шашышат.Озунун эле жанында чайлашып ижургон курбулары бетине карап кулуп,аркасынан болушунча жамандап журушот
-3
Asyl10
2018-11-03 14:03:24
Мен Самара Каримова менен жеке тааныш эмесмин,жон гана ажарлуу айым катары, кубулжуган уну,талыкпаган аракети бар адам катары сырттан билем. Директор болбой калса болбой калгандыр, бирок ошол учун Самараны болушунча жамандап,мазактап, жеке жашоосуна чейин аралашкан кыргыздарыбыз аман болойлу. Таттубубу эжекебиз да убагында таланты,сулуулугу учун ар турдуу мазактоо, каралоо,ушактан арылал албай отуп кеткен. Самараны Таттубубу эжебизге салыштырган жокмун,бирок ичибиз таар чынында.
-3
WIZ_KHALIFA
2018-11-04 14:05:03
Asyl10, Таланттуу неме ,бир аз озуно карап иш квлса болмок.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан