"Түрк гамбити", "Жашыруун махабат" тасмалары, "Склифосовский" сериалында баш каармандын ролун жараткан орусиялык театр жана кино актрисасы Ольга Красько 37 жашка толду. Ал 1981-жылы 30-ноябрда Украинанын Харьков шаарында төрөлгөн. Кичинекей кезинде актрисалык жөндөмүн байкаган ата-энеси көркөм гимнастикага, бий үйрөтүүчү мектепке жана хорго беришкен.
Кийин Москвага көчүп келишип, балдарга арналган "Үмүт" аттуу топко кирип, музыкалык жааттан жана көркөм окуу боюнча билим алган. Аталган топ менен биргеликте Орусиянын бир катар шаарларына гастролдоп келишкен. Алтургай алар балдар үйүнө жана ооруканаларга барып кайрымдуулук концертин өткөрүп турушкан.
Ольга Красько 2002-жылы "Табакерка" театрдык студиясына кирип, "Ата", "Кооптуу байланыш" жана "Узакка созулган Жаңы жылдык түштөнүү" спектаклдеринде дебюттук роль жараткан.
Жаш актриса дал ушул спектаклдерде мыкты чеберчилигин көрсөтүп, берилген ролдорду ийине жеткире аткарган. Алтургай режиссёр ага театрга калуу сунушун киргизген. Красько университетти аяктагандан кийин "Катынпоз" ("Ловелас"), "Түбүндө" ("На дне") жана "Билокси-Блюз" спектаклдеринде роль жараткан. Улам жаңы спектаклде роль жараткан сайын актёрлук чеберчилигинин деңгээли өсүп, барган сайын татаал ролдор сунуштала баштаган.
Ольга Красько кино жаатына студент кезинде эле аралаша баштаган. 2-курс кезинде "Жандармская история" тасмасына тартылууга сунуш алган. Андан кийин 5-сериядан турган "Пуаронун катачылыгы" тасмасына тартылган. "Түрк гамбити" тасмасына тартылып, ал ролу актрисага атактуулукту алып келген.
"Түрк гамбити" тасмасында өзүнө берилген ролду жогорку деңгээлде аткарып, атактуулукту багынткан соң көптөгөн тасмаларга тартылуу сунушу түшкөн. Алсак, "Есенин", "Алтын музоо", "Тагдыр белгиси" жана "Өзүнө тартуу".
2015-жылы 16-сериалуу "Эркектер жана аялдар" драмасына тартылып, баш каармандын ролун жаратуу менен тартылуу иштерин жыйынтыктаган.
Актриса жеке жашоосу тууралуу коомчулукка айтып, талкуу жаратууну жактырбайт. Анын 2006-жылы Олеся аттуу кыз төрөгөндүгү белгилүү.
Бирок журналисттер тарабынан кыздын атасы ким деген суроого актриса эч кандай тушүндүрмө берген эмес. Көп өтпөй кызынын атасы актёр, режиссёр Дмитрий Петрунь экени белгилүү болгон.
Жалпыга маалымдоо каражаттары Дмитрий актрисанын күйөөсү экенин жазып чыгышкан, бирок түгөйлөр тынчтык жолу менен эч кимге жарыялабай эле эки жолго түшүшкөн.
Ал эми 2015-жылдын аягында бир нече жалпыга маалымдоо каражаттары актрисанын кош бойлуу экенин айтып чыгышкан. Ольга Красько 2016-жылдын 1-апрелинде Остап аттуу уулдуу болгон. Бирок актриса баланын атасы, жаңы сүйүктүүсү ким экенин эч кимге айткан эмес.
2017-жылдын август айында атриса кош бойлуу экени, ал 3-наристесин күтүп жатканы тууралуу маалымат тараган. Айрым маарыматтарга караганда актрисанын экинчи күйөөсү жеке ишкер Вадим Петров аттуу адам экени айтылып жүрөт.
Актриса тууралуу кызыктуу фактылар:
Актриса 3 жыл декреттик өргүүдө жүрүп, чыгармачылыгы убактылуу токтоп калган. Бирок ал 2017-жылдан баштап кайрадан тасмага тартылуу иштерин баштаган. Азыркы учурда ал "Сыйкырчылар" аттуу комедияга тартылып жаткан кези.
30-ноябрдын жылнаамасы.