"Куулган" жана "Кымбаттуу Жон" тасмалары аркылуу таанылган америкалык актриса жана ырчы Аманда Сейфрид 33 жашка толду. Ал 1985-жылы 3-декабрда Американын Пенсильвания штатынын Аллентаун шаарында төрөлгөн.
Аманда мектепте окуп жүргөн кезинде эле театралдык студияларга барып вокалдан сабак алып, 11 жашында моделдик карьерасын баштаган. Ал эл аралык "Image" агенттиги менен келишим түзүп, кыздарга арналган ар кандай бренддеги кийимдерди жарнамалап турган. Арадан бир нече убакыт өткөндөн кийин "Bethlehem’s Pro" агенттигинде иштеген. Андан кийин Нью-Йорктогу "Вильгельмина" агенттигине чакырылып, моделдик ишин 2002-жылы жыйынтыктаган.
Аманда алгачкы жолу кино дүйнөсүнө 15 жашынан тарта аралашкан. Алгачкы жолу "Жер кантип айланат" сериалына тартылган. Андан кийин актриса 13 теледолбоорго катышкан. Ал улам бир сериалга тартылган сайын чакыруулардын саны көбөйгөн. Ошентип "Мыйзам жана тартип: Атайын корпус", "Доктор Хаус" жана "C.S.I.: Кылмыш орду" тасмаларында да роль жараткан.
Актриса көп сериалуу драмалык "Чоң сүйүү" тасмасы аркылуу белгилүү боло баштаган. Ал эми чоң экранга 2004-жылы жаштарга арналган "Адепсиз кыздар" комедиясына тартылып чыккан.
Бул ролу актрисалык карьерасын баштоого жардам берген десек болот. Анткени дал ушул тасмадан кийин актрисанын талантына кызыккандар ага башка ролдорду сунуштап, кийинки тасмаларда роль жаратуусуна жол ачылган.Актрисага чыныгы популярдуулукту "Мамма миа!" мюзклы алып келген. Аталган тасмада өзгөчө көрктү ырларды актёрлор өздөрү ырдаганы болгон.
Ошондой эле ал 8 композицияны өзү аткарып, алардын арасынан "Жими, жими, жими" чыгармасы 20 өлкөдө хит болуп, атайын клип дагы тарттырган.
2011-жылы "People" журналы белгилүү 25 сулуунун ичинен биринчи орунду Аманда Сейфридге ыйгарган.
"Куулган" тасмасына тартылуу учурунда кофе ичүүдөн, сүз азыктарын жана алкоголдук ичимдиктерин колдонуудан баш тарткан.
Актриса тууралуу кызыктуу маалыматтар
Жеке жашоосу
Аманда Сейфрид бир нече актёрлор менен мамиле курган. Алардын көпчүлүгү өзү менен тасмага тартылган өнөктөштөрү болгон. Ал "Бардыгы менин балдарым" сериалына тартылган Мико Альберт менен, "Альфа Дог" криминалдуу драмасына тартылган өнөктөшү Эмил Хирше менен мамиле курган.
2013-жылы белгилүү актёр Жастин Лонг менен мамиле курган. Экөөнүн мамилеси 2 жылга созулган. 2015-жылдын сентябрь айында эки башка жолго түшүшкөн. Ал эми актриса 2017-жылдын 12-мартында актёр Томас Садоскиге турмушка чыгып, андан кыз төрөгөндүгү маалым болгон.
Актриса 2017-жылы "Акыркы сөз" трагикомедиясына тартылган. Мындан сырткары ал ушул эле жылы сатыкка чыккан 3 тасмада: "Клаппер" комедиясында, "Анон" фантастикалык триллери жана "Биринчи реформатордук чиркөө" драмасында башкы ролду жараткан.
2018-жылы "Жаш америкалыктар", "Сонун кеч" аттуу комедияларда, "Кичинекей 3 сөз" драмасында жана башка тасмаларда башкы ролду жаратууга жетишкен.