Биз социалдык тармакта

Өлкөдө алты жыл аралыгында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 27 пайызга өстү

Өлкөдө алты жыл аралыгында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 27 пайызга өстү. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Анын айтымында, 2011-жылы өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 142 миң адамды түзгөн. 2018-жылдын 1-январына карата 181 миң адамды түздү. "Алты жыл аралыгында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин саны 39 миң адамга көбөйгөн", - деди ал.

Учурда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин жыйыны уланууда. Анда "Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясын ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан