Тайырбек Сарпашев: “Айыл өкмөт башчыларынын билим деңгээли талапка жооп бербей калды”

“Кыргызстанда айыл өкмөт башчыларынын билим деӊгээли талапка жооп бербей калды. Башкача айтканда, бул кызмат престиждүү болбой калды”. Бул пикирди вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн, 15-июлда Жалал-Абад облусунда жергиликтүү активисттер менен болгон жолугушууда айтты. Айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө айыл өкмөттөргө байланыштуу 124 кылмыш иши козголгон. “Айыл өкмөт башчылары тарабынан 400 миңден 8 миллион сомго чейинки каржылык мыйзам бузуу фактылары катталып жатат",- деп кошумчалады Сарпашев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан