Академик, техника илимдеринин доктору, профессор Жапар Текенов 26-ноябрда 85 жашында дүйнө салды. Маркум менен коштошуу зыйнаты Улуттук илимдер академиясында өттү.
Жапар Текенов 1933-жылы 18-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Сары-Булак айылында туулган. 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-математика факультетин ийгиликтүү аяктап, аспирантурага кабыл алынып, 1962-жылы кандидаттык диссертациясын коргогон.
1959-1967-жылдары Өзбекстандын жана Кыргыздын илимдер академияларында кенже илимий кызматкер, илимий кызматкер, ага илимий кызматкер кызматтарын аркалаган.
1988-жылы Ош шаарында Түштүк кыргыз илимий окуу борбору түзүлүп, ал лаборатория башчысы жана директордун илимий иштер боюнча орун басары кызматына чакырылат. 1991-жылдан баштап Жаманбаев атындагы жаратылыш байлыктарын комплекстүү иштетүү институтунун директору болуп дайындалат.
Жапар Текенов бүт өмүрүн илимге жана жогорку билимдүү адистерди даярдоого арнады. Анын ар түрдүү телолордун, көмүрдүн, аэрозоль бөлүкчөлөрүнүн өз ара байланышуусунда таасирленүүсүн изилдөөсүнүн жыйынтыгында СССРде биринчилерден болуп адгезия күчүн аныктоо усулдары сунушталды. Көмүрдү отун катары гана эмес, башка максаттарда да пайдалануу жагын изилдеген. Кычкылданган көмүрдөн органикалык жер семирткичтерди алуунун технологияларын иштеп чыгып, алардын илимий негиздерин ачып көрсөткөн. Илимий жыйынтыктардын негизинде 7 илимий монография, 250 илимий макаласы жарык көрүп, 20 илимий ойлоп табуулар алынды.
Жапар Текенов ушул күнгө чейин Жаманбаев атындагы жаратылыш байлыктары институтунда башкы илимий кызматкер кызматында эмгектенип келди.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жапар Текеновдун дүйнө салгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.