Бишкек шаардык балдар ооруканасына медициналык тез жардам алуу үчүн суткасына 500дөй бейтап кайрылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 4 кабыл алуу бөлүмүндө 2 педиатр, лор врач, хирург жана 2 травматолог иш алып барат. Акыркы үч апта аралыгында педиатрга кайрылгандардын саны 200гө жеткен. Алардын 85 пайызы өз алдынча келген болсо, 10 пайызы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан багыттама менен келишкен. Дагы 5 пайызы "Тез жардам" аркылуу жеткирилгендер. Кайрылгандардан 10 бейтап ооруканага жеткирилсе, дагы ону жугуштуу оорулар ооруканасына жөнөтүлөт. Көпчүлүгүнө амбулатордук дарылануу жазылат.
"26-ноябрда жаңы диагноз коюучу бөлүм ишке кирди. Ал заманбап стандарттарга жооп берет. Кезек күтүүлөрдү жана нааразычылыктарды азайтуунун үстүндө иштеп жатабыз. Ага карабай бейтаптарды саны көп болуп, учурда 4 педиатр, 2 хирург жана 2 кулак-мурун дарыгери кабыл алышууда. Күтүү залында кичинекей бала менен 2-3 адам келип, адамдар чогулуп калышууда", - дейт шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Гүлнара Жанабилова.