КҮНСЕРЕП: Атамбаевдин Төрөбаевге берген дарысынын таасири тарады

Бүгүн, 28-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Ак халатчандар жаңы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин ишине нааразы болуп жатышат. Алар ноябрь айында бир нече жолу министрликтин жана Ак Үйдүн алдында митингге чыгышты. Акцияларда айтылган нааразычылыктардан эки негизги жагдайды өзгөчө белгилеп өтсө болот. Биринчиси - медиктер үй-бүлөлүк медицина борборлорун оптимизациялоого каршы. Алардын айтымында, жаңы талаптар боюнча, терапевттер, педиатрлар жана гинекологдор эми үй-бүлөлүк дарыгер болуш керек, ал үчүн 8 айлык кайра окуудан өтүү зарыл. Жыйынтыгында квалификациясы начар үй-бүлөлүк дарыгерлер чыгат дешет медиктер. Министрлик өз кезегинде: "Медиктер реформанын маңызын түшүнбөй калышты. Анын максаты - бир кесиптеги медициналык кызматкерлердин тез жардам көрсөтүүдөгү билимин жогорулатуу", - деп түшүндүрдү.

Экинчи нааразычылыгы - алар министрдин "медиктердин айлыгы 30 миң сомго чейин көтөрүлөт" деген убадасын иш жүзүндө көрбөй жатышат. Ак халатчандардын айтымында, жаңы систем боюнча иштеп, мындай көлөмдө айлык алуу мүмкүн эмес. Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 1-октябрдан тарта дарыгерлердин маянасы алардын стажына жана иштегенине жараша 30 миң сомго чейин жетет деп билдирген. Жаңы ишке орношкон үй-бүлөлүк дарыгердин айлыгы эгер буга чейин 5 миң сом болсо, эми 11 миң сом болорун айткан. Бирок медиктер айлыктын көтөрүлүшүн сезишкен жок, айласыздан көчөгө митингге чыгууга аргасыз болууда.

Кыргыз медицинасы кейиштүү абалда экени, өнүккөн өлкөлөрдүкүнөн кыйла артта калганы анык. Чөнтөгү калың депутаттар менен чиновниктердин өз өмүрүн жергиликтүү дарыгерлерге эмес, чет өлкөлүк адистерге ишенгени буга далил. Улуттук статистика комитетинин отчётуна ылайык, 2018-жылдын 3-кварталына карата өлкөдө жашоо минимуму 4 миң 654 сомду түздү. Айлыктын үй-бүлөнү багууга жетпеси жогорку билимдүү жана тажрыйбалуу дарыгерлерди чет мамлекетке кетүүгө түртөт. Чет өлкөгө кете албагандар менчик медициналык компанияларга кетишет. Ал эми мамлекеттик ооруканаларда калгандар бейтаптардан кошумча киреше табууну өздөштүрүп башташат. Мунун кесепетинен Кыргыз медицинасында коррупция тамырлап жатат. Ошондой эле айылдарда жогорку билимдүү врачтар жетишсиз, айылда алардын кармалышы кыйын. Пара алуу, митинг, иш таштоо өңдүү иштер качан гана медицина кызматкерлеринин айлыгы жетиштүү, ал эми алар көрсөткөн медициналык кызмат көрсөтүү, жалпы эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү иштери автоматташтырылган деңгээлге өткөндө азаяры анык...

Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев билдирүү таратты. Анын бул жолку кайрылуусу менен бир жыл мурдагы пикиринин айырмасы чоң. Төрөбаев өз билдирүүсүндө экс-президенттер бүгүнкү күндө өлкөдөгү саясий кырдаалга таасир берүүчү күчкө ээ эмес экендигин баса белгилеген.

"Алмазбек Атамбаев 6 жыл бою элибизди Акаев, Бакиев деп коркуткан традициялуу ыкманы кайрадан колдонуп жатат. Бүгүнкү күндө экс-президенттер өлкөдөгү саясий кырдаалга таасир берүүчү күчкө ээ эмес. Алардын мезгили өттү. Бул өткөн тарых" дейт Төрөбаев. Ошондой эле ал учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштө партиялаштарына, досторуна, туугандарына да карабай жатканын белгилеген. "Президент кээ бир адамдар тарабынан айтылган сын-пикирге, таарынычтарга маани бербеши керек" деп пикирин улаган ал.

Бул Төрөбаевдин бийликтен кеткен Атамбаевдин дарегине айткан сындын биринчиси эмес. Алгач октябрдын башында комитет жыйынында 2017-жылы, тагыраагы, Атамбаев учурунда тапшырылган мамлекеттик сыйлыктар татыксыздарга берилгенин айтып чыккан. "Сыйлык алгандардын баары ушак таратуу, кимдир бирөөнү айыптоо жана интрига менен алек болушкан. Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын мурдагы курамы жалгыз бир эле адамдын кызыкчылыгына карап калган болчу", - деп сын таккан Төрөбаев. Мамлекеттик сыйлыкты ыйгарууга президенттин гана укугу бар.

Бир жыл мурун Бакыт Төрөбаевдин пикири таптакыр башкача болчу. Төрөбаевдин пикирлери бир жылдын ичинде 180 градуска өзгөргөнүн байкоого болот. Ал 2017-жылы Атамбаев бийликте турганда анын ишине жакшы баа берип, "өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым коштуңуз" деп мактоо айткан. Алмазбек Шаршенович, өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым коштуңуз. Терең ыраазычылык билдиребиз. Адам катары сизди сыйлайбыз. Бизди сындадыңыз, бышырдыңыз” деген улуттук стратегиянын отурумунда Төрөбаев. Атамбаевдин ага "дары болсун” деп жооп бергени көпчүлүктүн эсинде.

Мындан улам "кечээ эле "бизди бышырдыңыз" деп ыраазычылык билдирип, анан бүгүн сындаган сөздөр Төрөбаевге аброй кошпойт" дегендер жок эмес...

Депутат Алтынбек Сулайманов менен экс-премьер Темир Сариевдин маалыматтык тирешинде Башкы прокуратура менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы уктоо позициясында. Бул эки орган өлкөдөгү эң жогорку делген Жогорку Кеңештин трибунасынан айтылган сөздөр боюнча эч кандай реакция кыла элек.

Автоунаалар боюнча бажы төлөмдөрдү калыбына келтирүү маселеси буга чейин эксперт-аналитиктер, саясатчылар айтып сындап келе жаткан. Ушул жылдын 12-ноябрында парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин кеңейтилген жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов бул маселени айтып чыкты. Отурумда Сулайманов менен өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин ортосунда кайчы пикир жаралып, Сулайманов Сариевди "чыккынчы" деп атаган. Сариев буга жооп катары видеокайрылуу жасап, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге киргени тарыхый туура чечим болду деп, мындан Кыргыз өлкөсү көп жагынан утту деген оюн билдирген.

Муну менен кайым айтышуу токтоп калган жок. 15-ноябрда Сулайманов парламенттеги борбордук трибунага чыгып, ЕАЭБге киргенден кийин өлкө тарткан зыян эсептелип чыгышы керектигин айтып, ошол кездеги премьер-министр Темир Сариевди айыптаган. “2011-жылы 110 миң, 2013-жылы 91 миң автоунаа өлкөгө келген. 2015-жылы 2 миң автоунаа келген. Ошол калыпта машина ташуу улана берсе, акыркы 3 жылда жылына 15 миллиард сом бажы төлөмү түшмөк. Ар бир адам жылына 10 машина ташыган десек, ошондо автоунаа ташыган 10 миң адам жумушсуз калып жатат. Буга ошол кездеги өкмөт күнөөлүү. Темир Сариев эски автоунааларга чектөө коюу максат болгонун айтты. ЕАЭБге шашып киргенбиз, бардык талаптарына макул болгонбуз, Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын колдобой, эртеңки президенттик шайлоону ойлоптурбуз. Кеткен кемчиликтерди аныктоо боюнча Башкы прокуратура жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы иш алып баруусун сунуштайм”, - деген Сулайманов.

Экс-премьер жоопту кайра узакка күттүргөн жок. "Алтынбек Сулаймановдун бизнесин текшерип чыгышы керек" деген жооп кылды Сариев. “Башкы прокуратура менен Каржы полициясы Алтынбек Сулаймановдун өзүн текшериши керек. “Ала-Тоо” мейманканасынын ордунда салынып жаткан көп кабат үй кандай болуп түшүп калды? Ал жерде тарыхый маанидеги объект бузулуп жатат. Түрк университетинин ичинде эмне үчүн үй салынып жатат? Үчүнчүсү – Лев Толстой жана Тынчтык кең көчөсүнүн жанындагы үй. Ошолорду текшериш керек. Үч жолку депутат болуп отурат. Мыйзам чыгарбай эле, өзүнүн бизнесин калкалаганга колдонуп жатат”, - деп айыптаган Сулаймановду Сариев.

Эми бул тиреш эмне менен аяктайт убакыт көрсөтөт, бирок ал күчөгөн сайын жаңы компроматтар ачылышы мүмкүн. Ал эми эки саясатчынын бири-бирине карата койгон дооматтары боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын кайдыгерлиги да күмөн жаратат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан