Бүгүн, 19-ноябрда Бишкектеги №14-үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери Ак Үйдүн алдына митингге чыгышты. Аталган үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Зууракан Жусуева бул тармакта 2 айдан бери туура эмес реформа жүрүп жатканын билдирди.
"Ак Үйдөн бизге эч ким чыккан жок. Биз медицина тармагында 2 айдан бери туура эмес реформалар жүрүп жатканына нааразыбыз. Бишкекте 19 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар. Анын баарын бириктирип 4 эле үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу болот деп чыгышты. Мунусу аз келгенсип бардыгыңар үй-бүлөлүк дарыгер болосуңар, бир эле дарыгер чоң кишилерди жана балдарды көрөт, окугула, дешти. Эгерде 8 ай окуп, сертификат алсаңар, октябрь айынан баштап үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлык акысы көбөйөт деген. Бирок убада кылгандай октябрь айында айлык көбөйгөн жок. Бул маселе боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылдык, бирок эч кандай жыйынтык чыккан жок", - дейт Жусуева.
Ал белгилегендей, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо алдында талапкерлер дарыгерлер менен жолугушууларды өткөрүп эле жатышкан. Бирок бүгүнкү күндө эл өкүлдөрү дарыгерлердин маянасы тууралуу эстешпейт.
"Депутаттар шайлоонун алдында биз менен жолугушканда дарыгерлердин 10-15 миң сом айлык аларын билбейбиз дешкен. Карапайым элдин ден соолугун ойлогон дарыгерлердин 10-15 миң сом айлык аларын билбесе, Ак Үйдө эмне кылып отурушат? Буларды карапайым элдин жашоосу кызыктырбайбы? Айтылган 15 миң сом айлыкты биринчи категориядагы дарыгерлер алса, жаңы эмгек жолун баштагандар 5 миң сом алат. Дарыгер болом деп 10 жыл окуган жаштар 5 миң сом айлык менен кантип жашайт?" - деди Жусуева.
Аталган үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери күнүнө 2 саттан 8 ай окушкан. Негизи үй-бүлөлүк дарыгер болуу үчүн 6 жылдык окууну бүтүү керек.
"Эми 8 ай гана окуп, үй-бүлөлүк дарыгер болуп жатабыз. Элестеткиле, терапевт болуп иштеп жүргөн дарыгер гинеколог да болот", - деп митингге чыккан дарыгерлер нааразычылыктарын билдиришти.