Бүгүн, 15-июлда Жакыпбек Субакожоев Ат-Башы районунун акими болуп шайланды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди. Акимдик кызматка 4 талапкер ат салышып, анын ичинен Жакыпбек Субакожоев 117 добуш менен жеңүүчү болду. Ал эми калган 3 талапкер Жумагул Тентимишев, Сүйүндүк Акматов, Султан Калдыбаев бир да добуш алышкан жок. Шайлоого 124 депутат катышты. Эске сала кетсек, 19-июнда аким шайлоо болуп, анда 5 талапкердин ичинен бири да жетиштүү добуш топтой алышкан эмес.