Ысык-Көл облусундагы Даркан айылында жолбун иттер короодогу малга кол салууда. Маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" маалымдады.
Анын айтымында, короосунан эки кой жана эки эчкиге топтошкон жолбун иттер келип кол салган.
"Эки койго кол салып, бири өлдү. Дагы бири жарадар. Ошондой эле эки эчкини да тиштегилеп салышыптыр. Алардын бири өлүп, терисин сыйрып салдык. Экинчиси жарым жан болуп жатат. Бир итти өлтүрдүк. Эми дагы 3-4 ит талаада жортуп жүрөт. Айыл өкмөттүн деңгээлинде чара көрүлө элек", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.