ЭЛДИК КАБАР: "Стамбулдан Бишкекке уча албай аэропортто жатабыз" дейт окурман

Түркиянын Стамбул шаарында Кыргыз өлкөсүнө кетчү жүргүнчүлөр кете албай жатышат. Маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРга" билдирди.

"Аэропортто жүргүнчүлөр кете албай, ошол жерде уктап жатышат. Авиакомпанияга кайрылсак, Бишкекти коюу туман каптап жатат дешти. Билеттерди башка учурга алмаштыруу чаралары көрүлбөгөндүктөн, аэропорттордо кармалуудабыз", - дейт окурман.

Ал эми "Манас" эл аралык аэропортунан бул тууралуу маалымат таратылды.

"Учурда учактар кабыл алынбай жана учурулбай жатат. Аэропорттун аймагын коюу туман каптаган. Азыркы тапта 7 каттамдын учуп кетүүсү жана 4 каттамдын келүүсү кармалууда", - деп билдирди аэропорттун маалымат катчысы.

Алдыңкы күндөрдөгү аба ырайы тууралуу маалымат бере кетсек, Бишкекте 30-ноябрь жана 1-декабрь күндөрү жаан-чачындуу аба ырайы күтүлөт. 30-ноябрда асманды ала булут каптап, түштөн кийин жааган жамгыр карга айланат. Ал эми 1-декабрда түнкүсүн кар жаап, күндүзү бир аз күн ачылышы күтүлөт. Синоптиктердин божомолу боюнча 2-декабрда күн ачык болот.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bond02
2018-11-29 14:05:20
Табигаттын законуна баш ийип, бир аз сабыр кылгыла эми.
+3
XATSAN125
2018-11-29 14:20:46
ХХХХХХХХ калбайсынар тура тургула
0
XATSAN125
2018-11-29 14:27:18
Туман тараса учасынар да жаратылыш деп коет кааласа туман кааласа ачык болот экен.
Бир аз турсанар туман кетет силер келесинер
+1
CEO1
2018-11-29 18:18:53
Аэропортто 2-3 отуруп калсанар да арыздана бересинерби?!

Турктор кулга окшоп жумшаса, баш которбой эле иштеп журдунор го, каяша айтууга жарабай....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан